Жалал-Абад облусунда эки УКЖга мониторинг жүргүзүлдү

01/03/2021 - 15:18

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун РИИБ УКЖда мониторинг жүргүзүштү. Негизги басым кармалгандарды кармоо шарттарына, аларды медициналык тейлөөгө, тамак-аш менен камсыз кылууга, ошондой эле камакта кармоо мөөнөттөрүнө жасалды.

Базар-Коргон РИИБнин УКЖны текшерүү учурунда (24 адамга ылайыкталган) изолятордун камераларында 14 кармалган адам болгон, алардын тогузунун кылмыш иштери райондук сотто каралса, бешөөнүкү облустук сотто каралып жаткан. Кармалгандардын ар биринин тамактануусуна күнүнө 120 сомдон бөлүнөт.

Кармалгандардын өздүк делолору менен таанышуу учурунда кармалган Ж.С. (КР Жазык кодексинин 202-бер. 3-бөлүгүнүн 3-пункту) камакка алуу түрүндөгү алдын-алуу чарасынын мөөнөтү 2021-жылдын 3-январында аяктаган, ал эми баш коргоо чарасын узартуу боюнча соттун тиешелүү чечими текшерүү учурунда  жок болуп чыкты. Бир аздан кийин, Базар-Коргон райондук УКЖ кызматкери Акыйкатчынын өкүлдөрүнө, камакка алынган Ж.С.га карата баш коргоо чарасын узартуу чечимин бар экенин маалымдап, «башка айыпталуучулардын иш материалдары менен кошо кокустан райондук сотко жөнөтүлүп кетиптир”-деп түшүндүрдү.  Базар-Коргон райондук сотунун Ж.С.нын баш коргоо чарасын 30.12.2020-ж баштап узартуу жөнүндө чечиминин көчүрмөсүнүн сүрөтү тастыктоо иретинде КР Акыйкатчы өкүлдөрүнө жөнөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) өкүлдөрүнө жолтоо болуу аракети болду 

Ал эми Ноокен РИИБнин УКЖ мониторингине токтолсок, нөөмөттөгү офицер А.Сарыбаев Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын  2020-жыл 11-майдагы  №241 буйругуна таянып, бул текшерүүнү ишке ашырууга жолтоо болууга аракет кылган. Акыйкатчынын өкүлдөрү "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ченемдерин түшүндүрүп бергенден кийин гана, бул изоляторго кирүүгө уруксат берилди. Текшерүү учурунда анын ичинде 9 кармалган адам болгон, алардын ичинен: бирөөсү тергелип жаткан; экөөндө тергөө аяктап, кылмыш иштери сот органдарына өткөрүлүп берилген; калган 6 адам соттолгон. УКЖда кармалгандардын ар бири менен жеке сүйлөшүү жүргүзүлүп, керектүү консультациялар жана түшүндүрмөлөр берилди.

Бул мониторинг медициналык мекемелердин кызматкерлери ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенге чейин кармалгандарды медициналык кароодон өткөргөндө Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген камактагыларды медициналык кароодон өткөрүүнүн жаңы бирдиктүү формасын колдонбогонун аныктоого жардам бергендигин өзүнчө белгилей кетүү керек (№ 190 буйрук.  24.03.2020-жылдан тартып) РИИБнын жетекчилиги бул талаптардын так аткарылышына көзөмөлдү дайыма эле жүргүзө бербейт.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча КР Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлчүлүгү  тарабынан Жалал-Абад облусунун прокуратурасына аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча зарыл чараларды көрүү, ошондой эле укуктук баа берүү боюнча сунуштар менен тиешелүү кайрылу жөнөтүлдү.