Ысык-Көлдө чыр-чатактан улам күйөөсү аялына өрт койгон
Акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү жарандык никедеги күйөөсүнөн жабыр тарткан аялга барып жолукту.
Каракол ШИИБ маалыматына ылайык, 2020-жылы 4-январда кечки саат 17-00 чамасында Торгоев көч. жайгашкан кафенин жанынан бир эркек аялга бензин чачып, өрттөдү-деген маалымат келип түшкөн. Келген милиция кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын 33 жаштагы тургуну Б.С. өзүнүн 35 жаштагы жарандык никедеги күйөөсү, Ак-Суу районунун Маман айылынын тургуну менен урушуп кетишкенин, уруш учурунда күйөөсү аялына бензин чачып, ширеңке чагып туруп, кылмыш кылган жеринен качып кеткенин аныкташкан.
Бул иш 39-130-бер. 2 бөл. 2 пунктуна ылайык (хулигандык жол менен киши өлтүрүүгө аракет кылуу) Каракол шаарынын ИИБ тарабынан Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Кылмышка шектүү кармалып, Каракол шаардык сот тарабынан 2 айлык мөөнөткө камакка алынды.
Учурда жабырлануучу Ысык-Көл облусттук оорукананын травматологиялык бөлүмүндө дарыланып жатат. Дарыгердин айтымында, аялдын абалы туруктуу.
Акыйкатчынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгү бул ишти өз көзөмөлүнө алды.