Ысык-Ата районунун ИИБ сотмедэксперти жана тергөөчүсү кылмыш ишин оорлотуу аракетин кылышкан

13/09/2019 - 10:46

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына жубайлар С жана В. Шиян эки уулунун кызыкчылыгы үчүн кайрылып, эки уулуна козголгон кылмыш ишин караган биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор акыйкатуу, ар тараптуу, калыс  болбогонун айтышты.  

Атап айтканда, арыздануучулар жактоочуга өз укугун толук пайдаланууга мүмкүндүк берилбей, тактап айтканда Т. Абдыразаков аттуу жабырлануучу соттук-медициналык экспертизаны  кайталап өтүүгө макулдук берилбей жатканына даттанышты. Андан тышкары, арыздануучулар, диогноздун чынында оор экенине ишенишперин, Ысык-Ата райондук ооруканасынын  хирургу пара алганына шектенерин маалымдашты.

Ошентип, соттук медициналык экспертизанын корутундусу боюнча (№361,2018-ж 28-августтан тарта) жабырлануучунун денесинен алган жаракаты “сол тарабындагы көкүрөк тушуна жана ичине сайгандыктан, көк боору жана ички ичегилери катуу жабыркаган” деп мүнөздөлгөндүктөн, бул  адам өмүрүнө коркунуч келтирген, оор жаракат катары эсептелинет.  

Акыйкатчынын өкүлдөрү тарабынан Чүй облустук сот процесстерине мониторинг жүргүзүлүп, жыйынтыгында соттор коллегиясы (К.К. Джумагулова, Т., Өмүркулов, У.М. Сатырбеков)  тарабынан укук бузуулар болгону аныкталып,буга байланыштуу Акыйкатчы Токон Мамытов КР Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына тийиштүү эки сунуштамасын жөнөткөн.  

КР Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясы тарабынан тийиштүү иликтөө жүрүп, белгиленген  тартип бузуулар аныкталган. Андыктан, комиссия чыгарган чечими менен  Э. жана Э. Шияндарга  (17 жана 18 жаш) карата козголгон кылмыш ишин Чүй облустук соту Ысык-Ата райондук сотуна кайрадан  кароого жөнөткөн. Соттук коллегиянын курамы дагы башка болмокчу. 

Мындан тышкары, Акыйкатчы аппараты Ысык-Ата райондук сотуна  кылмыш ишин ар тараптуу, калыс, адилет кароону камсыз кылып, ошондой эле жабырлануучунун биринчи диогнозунун чын экенин тастыктоо же жокко чыгаруу үчүн экспертизадан кайрадан өтүү мүмкүндүгүн карап көрүүнү суранып кат жолдогон. Жыйынтыгында, ушул жылдын 6-октябрында Ысык-Ата районунун токтомуна ылайык, Т. Абдразаков ички органдарын компьтердик рентген тамографиясынан өткөн.

Аталган тамограмма так көрсөткөндөй, Т. Абдразаковдун “көк боору кадимки формада жана өлчөмдө”. Тагыраак айтканда, мурунку сотмедэкспертизанын корутундусу көрсөткөндөй, катуу жараттан улам көк боору алынып салынган эмес, жабырлануучунун көк боору өз ордунда.

Ошентип, жабырлануучу  Т. Абдразаковдун диогнозу бурмаланганы тастыкталган. Демек, тергөөчү кылмыш ишти оордотту үчүн бурмалаганга аракет кылгандыктан,  Э. жана Э. Шияндарга карата козголгон кылмыш иши КР КК беренеси боюнча каралбайт.