Видеороликтер конкурсу жыйынтыкталды

11/12/2020 - 09:44

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов 10-ноябрдан 10-декабрга чейин Адам укуктарынын бир айлыгын жарыялаган эле. Бир айлыктын алкагында калктын укуктук маалымдуулугун арттыруу максатында бир катар иш чаралар өткөрүлдү. Алардын катарында “Биз адам укуктарын билебиз” деген аталыштагы видеороликтер конкурсу да болду. Бул сынакка республиканын туш тарабынан жүзгө жакны видеороликтер келип түшкөн. Видеороликтерди жогорку окуу жайынын, колледждердин студенттери жана мектеп окуучулары тартышкан эле.

2020-жылдын 10-декабрында Бишкекте жана облустук борборлордо өткөн салтанаттуу жыйындарда сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Атап айтканда, Бишкек шаарындагы № 17 мектептин окуучусу Сарпашев Мырзанын, №33 мектептин окуучусу Абдыракунова Нурайымдын иштери, ошондой эле Чүй районундагы Ысмайыл Борончиев атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу Аскарова Күмүшайдын тарткан видеоролиги калыстар тобунун купулуна толгон. Ал эми Таластан колледж студенти Турарова Алиянын, Нуркешов Таштанбектин иштери аталса, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери да активдүүлүгүн көрсөтүшкөн.

Ошондой эле белгилеп коюу керек, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Балтагулов атындагы мектептин окуучуларын бул сынакка катышып, аракет кылышкан. Байгелүү орунга жетишпесе да, сынакка активдүү  катышканы үчүн ыраазычылык билдиребиз.

КР Акыйкатчысы Токон Мамытов сынактын жеңүүсүлөрүн сыйлап жатып, аларды келечектеги Акыйкатчылар деп атады. Алардын окууларына ийгилик жана бекем ден соолук каалады. Алардын тарткан иштери жыйындын катышуучуларына көрсөтүлдү.