Варшавада укук коргоо тармагындагы жаңы чакырыктар талкууланды

18/06/2025 - 09:54

Дүйнө жүзүндө укук коргоочуларга карата болуп жаткан коркунучтар жана куугунтуктар туурасында Варшава шаарында Улуттук укук коргоо институттарынын жылдык академиясында (NHRI Academy) талкууланды.

Окуу тренингин Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (БДИПЧ) Европанын Улуттук укук коргоо мекемелеринин тармагы (ENNHRI) жана өнөктөш институттар менен биргеликте уюштурган.

Акыйкатчы Институтунун кызматкери Нурсултан Маамыталиев аталган жыйынга Кыргызстандан катышкан алгачкы өкүл болду. Ал конкурстан ийгиликтүү өтүп, Борбор Азиядан барган жалгыз катышуучу болду.

Академия жыл сайын Европанын ар кайсы шаарларында өтүп, заманбап жана маанилүү темаларды талдайт. 

Бул жылы укук коргоочуларды коргоого жана улуттук укук коргоо мекемелеринин коомдогу ролуна арналды. 
Иш-чарада дүйнө жүзү боюнча жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер жана журналисттер соттук куугунтукка жана санариптик кысымга көбүрөөк дуушар болуп жатканы белгиленди.

Жыйырмадан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү укук коргоочуларды коргоонун эл аралык жана регионалдык стандарттарын, коркунучтарды көзөмөлдөө механизмдерин, ошондой эле санариптик коопсуздукту камсыз кылуу куралдарын талкуулашты.

Эске сала кетсек, дал ушул  Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (БДИПЧ ОБСЕ) өзүнүн мандатынын алкагында Кыргызстандын Акыйкатчы Институтуна тиешелүү мыйзамдары боюнча эксперттик корутундуларды жана сунуштарды берип келген. 
Бул сунуштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эл аралык стандарттарга жана адам укуктары жаатындагы мыкты тажрыйбаларга шайкеш келтирүүгө көмөктөшүүгө багытталган.