Үйүн алдаткан апа акыйкат издеп келди

11/07/2019 - 12:33

Бүгүн, 2019-жылдын 11-июлунда Акыйкатчы Токон Мамытовдун жеке кабылдамасында Мурзабаева Кенже аттуу 81 жаштагы жаран болду. Ал 7 жылдан бери акыйкаттык издеп таба албай келет.

Тагыраак айтканда, 2013-жылы 1 бөлмөлүү батирин, Бейшеналиева Калыгүл аттуу аялга алдатып жиберген. Ал аял кызынын студенттик кездеги таанышы болгондуктан, ишеничке кирип, «мага үйүңөрдү сатып акчасын берип турсаңар, мен кайра бир жылдан кийин эки бөлмөлүү батир кылып берем. Баарыңар бир бөлмөдө кантип тыгылып жашамак элеңер?» – деп кепке келтирип, «Жал» кичирайонунда жайгашкан 106-сериясындагы 1 бөлмөлүү батирди 35 миң АКШ долларга саттырып акчасын алган. Жыйынтыгында Мурзабаева бир уулу (бул жалгыз уулу кайтыш болуп калган), анын баласы (небереси), кызынын үй-бүлөсү менен жашап жаткан батирин дагы, убада кылган батирди дагы ала алган эмес.

Мурзабаева айтымында, ал 2017-жылы КР Президентине арыз жазган, ал жактан бул ишти дыкат иликтөө үчүн КР Кылмыштулукка каршы күрөшүү боюнча Финансы Полициянын төрагасына тапшырылып, аны тергөөнүн начальниги С. Идрисов кабыл алып, тергөөгө ишти Р. Качканаков алган. Анан башында кылмыш ишин козголуш керек деп аткан иш (бул жерде Бейшеналиева өзү аралашып), граждандык тергөөгө Биринчи май райондук сотуна түшөт.

Сот 3 ай болуп, Бейшеналиева Калыгүл бир да жолу келген эмес. Судья Жаныбек кызы Венера 2017-жылдын 22-сентябрында 2,8 21-400 (эки млн сегиз жүз жыйырма бир миң төрт жүз сом) Мурзабаева кетирген чыгымдар үчүн 15 000 миң сом төлөп берүү чечимин чыгарып берет.

Соттун чечими өзүнүн күчүнө киргенден кийин сот аткаруучу бул ишти алып барат деген соттун чечими Мурзабаеванын колуна тийет. Сот аткаруучу Исаев Эркин болгон.

Жыйынтыгында, Бейшеналиева сот аткаруучуларга келип, улук сот аткаруучу Кумашевге «өндүрүш баракчасына», Мурзабаеваге бере турган акчадан (2,821-400) сомдон ай сайын 2000 сомдон өз ыктыяры менен берип кутулат –деп кол койдуртуп алган.

«Ал мага аталган сумманы ай сайын 2000 сомдон бергиче арадан 40 жыл өтүп кетет экен. Ал үчүн мен 121 жашка чыгышым керек. Ойлоп көрсөңүздөр?!» –дейт Мурзабаева.

Мурзабаева буга каршы болуп, бул ишти кылмыш ишине берилсин-деп арыз жазат. Мурзабаеванын бул арызына Бейшеналиеванын жактоочусу ушул эле Биринчи май шаардык сотуна даттанып, сот анын пайдасына чечим чыгарып койгон.

Андыктан, Мурзабаева Акыйкатчыдан Бейшеналиевадан алган акчасын берүү үчүн иш-аракеттерди кылып берүүсүн өтүнгөн.

Бул боюнча Сот органдары менен иштөө жана сот процесстерин мониторинг кылуу бөлүмү Биринчи май райондук сотунун чечиминин бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай жаткан себебин аныктайт. Соттун чечими сот аткаруучулардын шалаакылыгынан аткарылбай жаткандыгы аныкталса, анда тийиштүү органга тастыкталган маалыматтардын жыйындысы менен чара көрүү тууралуу кат менен кайрылат.

Бул арыздын мааниси боюнча тийиштүү маалыматтар топтолгон соң, К. Бейшеналиеванын алдамчылык кылгандыгы боюнча ынануу болсо, анда тийиштүү укук коргоо органдарына чара көрүү боюнча кайрылуу жолдойт.

Учурда аталган иш Акыйкатчынын көзөмөлүнө алынып, мыйзамга ылайык иликтөө иштери башталды.