Үнөмдөлгөн каражаттын жоктугунан дарыгерлерге эмгекке катышуу коэффициенти үчүн кошумча төлөмдөр жүргүзүлбөйт

01/11/2021 - 11:45

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Талас облусу боюнча өкүлчүлүгү облустагы медициналык кызматкерлердин эмгек акысына кошумча төлөмдөрүнүн төлөнүү абалына мониторинг жүргүзүштү.

2021-жылы 21-октябрь күнү Талас облусунун Бакай-Ата районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборуна барып, ал жерде иштеген дарыгерлер, медайымдар жана кээ бир  медкызматкерлерден сурамжылоо жүргүзгөндө 2020-21-жылдын ноябрь айына чейин  медициналык кызматкерлер эмгекке катышуу коэффициентине (КТУ)  албай калышкандыгын, жалпы чогулушта КТУ жөнүндө маселе көтөрүшкөндө бюджеттен акча каражаты аз, жылда электр энергияга башка каражаттарга которулуп,  карыз болуп, төлөнбөй жатат деп түшүндүрүшкөнүн айтышкан.

Мындан тышкары 2020-жылы медициналык кызматкерлер өз кызматтарын аткарып жүрүп, пнемония диагнозу менен ооруп, калган кызматкерлерге силер кызыл зонага кирип иштеген жоксуңар деп, же кызыл зонага кирип иштеп, обсервациядан чыккандан кийин ооруп, ким менен контактта болдуң деген шылтоо менен компенсация төлөбөй жатканынбилдиришкен.

Бул жагдайды тактоо максатында Акыйкатчынын өкүлдөрү Бакай-Ата жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жетекчилигине кайрылышкан. 2019-жылдын 31-декабрына чейин эмгекке катышуу коэффициенти берилип келген. 2020-жылдын ноябрынан бүгүнкү күнгө чейин эмгекке катышуу коэффициентин берүү токтотулган. Буга чейин Милдеттүү медициналык камсыздоо булагынан түшкөн кошумча акча каражатынан медициналык кызматкерлерге төлөнүп турган. Милдеттүү медициналык камсыздоо булагы жабылганына жана бюджеттен түшкөн акча каражат тартыштыгына байланыштуу КТУ төлөнбөй калган.

Талас облустук биргелешкен ооруканасынын директорунун жооп катында, 2021-жылдын июнь айына чейин бардык медициналык кызматкерлерге кошумча айлык төлөнүп келгенин, 1-июлдан тартып Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы  50 пайызга жогорулагандан кийин токтотулат. 2021-жылдын  26-майындагы №246 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу” токтомунда көрсөтүлгөндөй, эмгек акы фондунан үнөмдөлгөн каражат жоктугуна байланыштуу төлөп берүүгө каражат жок. Анткени “Кызыл зонада” иштеген дарыгерлердин да негизги иштеген жериндеги айлык акысы толугу менен сакталып, анын ордуна иштеген дарыгерлердин да сааты төлөнгөндүктөн үнөмдөлгөн каражат жок, ошол себептен эмгекке катышуу коэффициенти үчүн кошумча төлөмдөр жүргүзүлбөгөнү аныкталды.