“Улукман” жатак-лицейинде

04/03/2022 - 15:17

Кыргыз  Республикасынын  Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Г.Жамгырчиеванын 2022-жылдын 7-февралдагы №16 сандуу 2022-жылдын 8-февралынан 9- мартына чейин “ Балдарды зомбулуктан коргоо, ошондой эле алардын укуктарын жана таламдарын талашуу боюнча бир айлык өткөрүү   жөнүндөгү” буйругуна ылайык Талас облусу боюнча өкүлчүлүгү тарабынан аткарыла турган иш пландын негизинде КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Талас облусу боюнча өкүлү Ж. Узакбаева, жетектөөчү адис М. Такеев  2022-жылы 2-мартта Манас районунун  “Улукман” жатак- лицей мекемесине барышты.

Лицейде жалпы - 62 окуучу, алардын ичинен кыздар- 33, эркек балдар -29.  Жатаканада  39  тарбиялануучу жатып окушат. Бир күндө ар бир окуучунун тамак –ашына 60 сомдон бөлүнөт. Ата-энерлер бир жылга 6000 сомдон төлөшөт жана калган  каражат бюджеттен бөлүнгөн. Жатак-лицейде окуган окуучулар көп балалуу үй-бүлөлөрдөн - 11 окуучу,  ата-энелери мигранттар - 12 окуучу, ата-энелери ажырашкандарын балдары -8 окуучу жана ошондой эле ата-энесинин бирөөсү кайтыш болгондордун балдары - 7 окуучу окуйт.  Төрт маал тамак берилет.

Директор  Осмонбекова Венеранын айтуусу боюнча  балдарга күнүнө  тамак ашына 60 сомдон бөлүнгөндүктөн  эт  азыгы кошулгон тамак  аз берилип жаткандыгын белгиледи.

Жатак лицейдин   класстык бөлмөлөрү таза, жарык жана жылуу. Балдардын жатаканасы таза жылуу, жуунучу жай өзүнчө, жылуу суу менен камсыздалган.