Укуктук маалымдуулук: КР АКыйкатчысынын (Омбудсменинин) Өзгөчө абал учурундагы ишмердиги

25/03/2020 - 09:42

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2002-жылдын 31-июлу N 136

Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө

(КР 2007-жылдын 6-июлундагы N 97, 2008-жылдын 11-июну N 114, 2008-жылдын 18-июлу N 155, 2009-жылдын 24-февралы N 62, 2009-жылдын 25-февралы N 69, 2010-жылдын 3-мартындагы N 41, 2011-жылдын 23-июнундагы N 55, 2014-жылдын 7-июлундагы N 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

6-берене.

6-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) укуктук статусу

1. Омбудсмен (Акыйкатчы) кайсы бир мамлекеттик органдарга жана кызмат адамдарына баш ийбейт. Анын ишине кийлигишүүгө, ар кандай жол менен ага таасир кылууга тыюу салынат жана бул үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

2. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына өзгөчө же согуштук абалдын киргизилиши Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ишин токтоттурбайт, чектебейт жана токтото албайт.

3. Омбудсмен (Акыйкатчы) өзүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн учурунда жана ал аяктагандан кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилдеги айткан ой-пикири, жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн куугунтукка алынышы жана кылмыш-жаза жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.