Укук коргоочулар жана жакындары 20 жыл мурда көз жумган укук коргоочу Шералы Назаркуловду эскеришти

07/02/2022 - 12:20

Бүгүн, 2022-жылдын 7-февралында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков белгилүү укук коргоочу, коомдук ишмер, публицист жана экономист Шералы Назаркуловдун жаркын элесине арналган эскерүү зыйнатына катышты. Шералы Назаркулов 2002-жылы 7-февралда узакка созулган ачкачылыктан кийин каза болгон, бул тууралуу ал Үзөңгү-Кууштагы кыргыз жерлеринин коңшу мамлекетке өтүп кетишине нааразылык иретинде ачкачылык  жарыялаган.

Эскерүү иш-чарасы КР Айыл чарба министрлигинин имаратынын дубалына орнотулган мемориалдык тактада өттү. Иш-чаранын катышуучулары Куран окуп, мемориалдык плитанын алдына гүлчамбар коюшту, ошондой эле аталган министрликтин №716 кабинетинде жайгашкан Шералы Назаркуловдун музейинде болушту.

 Аскат Азарбеков белгилегендей, «Укук коргоочу Шералы Назаркулов саясий акциянын курмандыгы болгонун мамлекет тааныды. 2010-жылы Ш.Назаркуловдун 60 жылдык мааракеси өкмөттүк деңгээлде белгиленген. 15 жылдан ашык убакыттан бери КР Акыйкатчы институту Ш.Назаркуловду эскерүү иш-чараларын уюштурууга жана өткөрүүгө активдүү катышып келет. Акыйкатчы аппаратынын түздөн-түз жардамы менен  мемориалдык плита орнотулуп, Бишкектеги № 80 орто мектепке анын ысымы ыйгарылган. Биз дагы да Шералы Назаркуловдун укук коргоо ишмердүүлүгүн элге жайылтуу боюнча маалыматтык иштерди жигердүү улантабыз”

Маалымат үчүн: Шералы Назаркулов активдүү жарандык позициясы үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланган (өлгөндөн кийин). Ш.Назаркулов атындагы коомдук фонд дагы бар, Шералы Назаркулов макамы боюнча Аксы окуясынын катышуучуларынын статусуна теңелген.