Укук коргоо органдары тарабынан жана эркиндиги чектелген жайлардагы адамдардын укуктарын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Альберт Колопов “Юстициянын мыкты кызматкери” медалы менен сыйланды

13/09/2018 - 15:18

Кыргыз Республикасынын көз карансыздыгынын күнүнө карата, КРнын Юстиция министрлигинин 2009-жылдын 4-сентябрындагы №187 буйругу менен бекитилген КРнын Юстиция министрлигинин сыйлыктары жөнүндө жобого ылайык, КРнын Юстиция министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо боюнча комиссиянын 2018-жылдын 29-августундагы отурумунун чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин “Юстициянын мыкты кызматкери” медалы менен КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын укук коргоо органдары тарабынан жана эркиндиги чектелген жайлардагы адамдардын укуктарын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Колопов Альберт Сексенбаевич сыйланды.

Буйрукка Юстиция министринин милдетин аткаруучу М.К. Есеналиев кол койгон.

Акыйкатчы институтунун жалпы жамааты Альберт Сексенбаечти алган медалы менен чын-жүрөктөн куттуктап, мындан аркы ишине ийгиликтерди каалайт.