«Укук кербенинин» мүчөлөрү Ош облусунан Бишкек шаарына жөө жөнөгөн “Дыйкан-Кыштак” айылынын тургундары менен жолугушту

06/10/2021 - 15:42

Кечээ, 2021-жылдын 5-октябрында «Укук кербени» долбоорунун  мүчөлөрү КР Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси баш болгон топ Кара-Көл шаарында   Ош облусунан Бишкек шаарына жөө жөнөгөн Кара-Суу районунун “Дыйкан-Кыштак”айылынын тургундары  менен жолугушту.

Укук коргоочулар менен жолугушууда бул жөө жүрүштүн катышуучулары Кара-Суу районунун сотунун, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана адвокаттардынаракеттерине даттанышты. Аларды мындай жөө жүрүшкө түрткөн жергиликтүү бийликтин бул тургундардын турак-жайын сүрдүрүп салуу тууралуу чечимине нааразычылыгы болгонун билдиришти. Алар турак-жайларын банктан насыя алып салышканын белгилешти.  

Жүрүштүн катышуучулары белгилегендей, алар бул сапарга чыкканына 5 күн болгонун, жол боюндагы мечиттерде түнөп, ал эми тамак-ашты жергиликтүү тургундар берип жатышканын белгилешти. Алар борбор калаага акыйкаттык издеп келе жатышканын маалымдашты.

Мындан сырткары алар, буга чейин айрым ММКларда бул жүрүштүн катышуучуларынын артында бир саясий партиянын лидери турат деген жарыялоону четке кагышты. «Бишкекке жөө барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн өзүм билемдиги менен күрөшүү чечимин өз алдынча кабыл алдык, бизди тынчсыздандырган турак-жай маселебиз эле”-деп белгилешти Кара-Суу районунун «Дыйкан-Кыштак» айылынын жогоруда көрсөтүлгөн тургундары. Алар КР Акыйкатчысына жазуу жүзүндө кайрылышканын маалымдашты.  

Учурда бул тургундардын арызы КР Акыйкатчысынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгү тарабынан каралып жатат.