"Укук кербенинин” экинчи күнүнүн алдын ала жыйынтыктары

05/10/2021 - 15:49

Бүгүн, 2021-жылдын 5-октябрында КР Акыйкатчы Институтунун жумушчу топтору республиканын үч облусунда иш сапарында болушту. Атап айтканда, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жана Талас облусунун Бакай-Ата районунда жолугушуулар болуп өттү. “Укук кербени” долбоору 10-декабрь Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө арналып өткөрүлүүдө.

КР Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси  Аскат Азарбеков жетекчилигиндеги топ Кара-Көл шаарынын эли менен жолугушту. Жолугушууда КР Акыйкатчы Институтунун ишмердиги, Акыйкатчыга кайрылуунун жолдору жана ыкмалары, ошондой эле 115 Шыр байланыш кызматынын иши тууралуу  айтып беришти.

Андан кийин шаардагы аймактык оорукананын ишине мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жыйынтыгы көрсөткөндөй, бул оорукананын төрөт бөлүмү дээрлик бардык стандарттарга жооп берет.  Ал жердеги кемчилик катары лифттин иштебегенин айтууга болот. Төрөт бөлүмү 3-кабатта, ал эми ага алып барчу лифттин иштебеши жаңы төрөгөн аялдар үчүн бир топ ыңгайсыздыктарды жаратат жаратат.

Оорукананын терапия бөлүмүнүн абалы текшерүүгө алынды. Бул бөлүм бейтаптарды дарылоо үчүн жараксыз абалда. Бөлүмдөгү палаталар жана дарыгерлердин иш бөлмөлөрүнө капиталдык оңдоо талап кылынат.  Мониторинг жүргүзүү учурунда КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине жамааттык арыз менен кайрылышып, алардын эмгек акылары кыскарып кеткенине даттанышты.

Мындан сырткары, Акыйкатчы өкүлдөрүнө жашы жетпеген 4 баласы бар аял кайрылды. Ал жолдошу таштап кеткенин жана аларды турак-жайдан чыгарып койгонуна даттанды. Бул маселе боюнча Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси А.Азарбеков Кара-Көл шаарынын мэрине кайрылып, бул үй-бүлөнүн турак-жай менен камсыздоо өтүнүчүн билдирди. Шаар башчысы жардам берүүнү убадалады. Маселе КР Акыйкатчысынын көзөмөлүнө алынды.   

Өзгөчө белгилеп коюу керек, «Укук кербени» долбоорун ишке ашыруу Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү. 2-фаза” программасынын колдоосунда  жүрүп жатат.