«Укук кербенинин" биринчи күнүндө жолугушуулар Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда өтөт жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында өтөт

30/09/2021 - 16:10

КР Акыйкатчысынын басма сөз кызматы мурда маалымдагандай (29.09.21-ж), 4 -октябрда  Кыргызстандагы адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча чараларды күчөтүүгө багытталган «Укук кербени» долбоору башталат.

КР Акыйкатчысынын орун басары Г.Жамгырчиева жетектеген топ эл менен жолугушууларын Баткен облусунда баштайт. 4-октябрь күнү Кызыл-Кыя шаарынын калкы менен жолугушуу болот.

Жарандар Акыйкатчынын өкүлдөрү менен (республиканын бардык региондорунда) түз байланышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн, төмөндө Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарындагы Акыйкатчы институтунун жетекчилигинин эл  менен болгон жолугушууларынын графиги жарыяланган.

4–октябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жашаган жергиликтүү калк менен жолугушуу өткөрүлөт. Бул иш сапарда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин тобун Акыйкатчы аппаратынын башчысы Аскат Азарбеков жетектейт.

Бул аймактын тургундарын өз укуктарын жана эркиндиктерин коргоо мүмкүнчүлүктөрү, жолдору жөнүндө көбүрөөк билүү, ошондой эле жеке консультацияларды алуу жана арыз-даттанууларды жазуу жүзүндө калтыруу

үчүн укук коргоочулар менен жолугушууга  чакырат.