“Укук кербенинин” алгачкы күнүнүн алдын ала жыйынтыктары

04/10/2021 - 15:55

Бүгүн, 2021-жылдын 4-октябрында КР Акыйкатчысынын «Укук кербени» укуктук жана маалыматтык долбоору сапар алды.

Атап айтканда, Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринин бир тобу КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Г.О. Жамгырчиеванын жетекчилигинде Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында болушту.  Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси А.Азарбеков жетектеген топ Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда иш сапарында жүрөт.  Алар токтогул шаарында жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрүштү. Ал эми курамында Акыйкатчынын борбордук аппаратынын Жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана документ менен камсыздоо башкармалыгынын башчысы Келсинбек кызы Кереметкан жана Акыйкатчы аппаратынын Эксперттик-укуктук иштер секторунун башчысы Урмат Аралбаевдер Талас шаарынын мэриясында эл менен жолугушуу өткөрүштү. Бул иш чараларга район акимдери, ички иштер органдары, прокуратура органдары, УКМК жана башка органдардын өкүлдөрү катышып жатышат..

Жолугушуулардын жүрүшүндө жарандар адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого байланышкан орчундуу маселелерди көтөрүштү.

Мисалга алсак, Токтогул районунун тургуну Б.Ж. мындан 5 жыл мурда уулу мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүнө даттанып, укук коргоо органдары тарабынан бул кайгылуу окуянын күнөөкөрлөрүнө карата эч кандай чара көрүлбөгөнүнө даттанды.

Ал эми жаран  Ш.Г. маалымдагандай, анын уулу милиция кызматкерлери тарабынан кыйноолорго дуушар болгонун маалымдады. Арыз ээсинин уулу учурда Ош шаарындагы №25 ТИЗОдо 2 жыл 7 айдан бери жатат. Арыз ээси тергөө иштеринин создугуп жатканына даттанды.

Акыйкатчы аппаратынын “Укук кербени” тобунун мүчөлөрү Токтогулдагы райондук аймактык оорукананын балдар бөлүмүн, инфекциялык бөлүмдү жана Төрөт бөлүмдөрүндөгү абалга мониторинг жүргүзүштү. Төрөт бөлүмүндө гана абал канааттандырарлык, ал эми калган эки бөлүмдө абал начардыгы байкалды. Акыйкатчынын өкүлдөрү ошондой эле Карылар үйүн, РИИБ убактылуу кармоочу жайына, ЖАМКга караштуу жатак-колонияга  мониторинг жүргүзүштү.

 Ал эми Талас шаарындагы жолугушууга жазуу түрүндө 6 жаран кайрылды. 1 арыз КР Акыйкатчысынын өкүлүн сотко катышып берүү өтүнүчү менен, 1 арыз милиция кызматкерлеринин үстүнөн, ал эми 3 арыз тергөө кызматкерлеринин үстүнөн түшкөн. 1 арыз багар-көрөрүн жоготконуна байланыштуу жөлөк пул алууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган.  Мындан сырткары, 13 адамга алар кызыккан маселелери боюнча консультациялар берилген.  

Талас шаарындагы билим берүү мекмелеринин айрымдарына окуучулардын укуктарынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлгөн. “Укук кербенинин” иши уланууда уланууда.