“Укук кербенинин” 5-күнү Сүлүктү шаарында, Чаткал жана Манас райондорунда уланат

08/10/2021 - 13:49

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен)Институту тарабынан демилгеленген  “Укук кербени” долбоору ишке ашып жатканына бешинчи күн болду. Бүгүн, 2021-жылдын 8-окбрында Акыйкатчынын өкүлдөрү алыскы аймактарды кыдырышат.

КР Акыйкатчысынын орун басары Г.О.Жамгырчиеванын жетекчилигиндеги топ Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жергиликтүү эл менен жолугушат.

Ал эми Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси А.Н.Азарбековдун жетекчилигиндеги топ Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун жергиликтүү калкы менен жолугушат.

Ал эми Талас облусунда иш сапарында жүрүшкөн, курамында Акыйкатчынын борбордук аппаратынын Жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана документ менен камсыздоо башкармалыгынын башчысы Келсинбек кызы Кереметкан жана Акыйкатчы аппаратынын Эксперттик-укуктук иштер секторунун башчысы Урмат Аралбаевдер кирген үчүнчү топтун  бүгүнкү программасында жабык мекемелерди кыдыруу каралган. Алар Манас районундагы психо-неврологиялык мекеменин ишине жана Бака-Атадагы жабык мекемелерге  мониторинг жүргүзүшөт.

 Эске салсак, «Укук кербени» долбоорун ишке ашыруу Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү. 2-фаза” программасынын колдоосунда  жүрүп жатат.