"Укук кербени" Жумгал районунда

22/10/2021 - 12:31

КР Акыйкатчысынын “Укук кербени” долбоорунун катышуучулары Жумгал районунда бир катар  мониторингдерди  жүргүзүштү.  Алгач, "Нур-Булак" үй-бүлөлүк типтеги үйгө барышты.  Ал жакта учурда 17 бала тарбияланууда. Анын ичинен  7 тоголок жетим, 10 баланын  ата- энелери убактылуу ата- энелик укуктан чектелген.

Каржылоо Билим берүү министрлиги жана айыл- өкмөтү тарабынан чечилген. Балдарга бардык шарттар түзүлгөн.

Андан сон  Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүнү убактылуу кармоочу жайына мониторинг жүргүзүлдү.  Учурда УКЖда кармалган киши жок. Тазалык жагынан ондоо боюнча сунуштар берилди. Имараттын өзү убактылуу кармоочу жайга  ылайыкташкан эмес, себеби бул мурда клубдун имараты болгон.

Кийинки мониторинг райондук төрөт үйүндө жүргүзүлдү. Төрөт бөлүмүнүн имараты “Кызыл зонага” берилгендиктен, төрөт үйүнө ылайыкташпаган башка кабатка көчүрүлгөн. Палаталар тар болгондуктан, жаны төрөлгөн ымыркайларга өзүнчө люлька коюп берилген эмес. Жылуулук жок. Төрөгөн аялдарга эки палата гана каралган. Райондун акиминин орун басарынын  айтуусунда, район боюнча жалпы 15тей дарыгер адис жетишпейт. Себеби, алыскы районго, аз маянага жаш адистер барып иштегиси келбейт.

Райондун тургундарынын эн негизги нааразычылыгы - Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун бүтпөй жатышы. 4 жылдан бери жерлер казылып, чаң басып жатат. Ал жолдун чаңын, ыңгайсыздыгын мониторингге барган топ өздөрү да көрдү. Жолдон көмүр ташыган машинелер тынымсыз өтүп, жолго жакын үйлөр, дүкөндөр чаңга басылып жатат.

Акыйкатчы өкүлдөрү тарабынан жеке жарандарга консультация берилип, жазуу түрүндө арыздар кабыл алынды.