“Укук кербени” сапарын улантууда

18/10/2021 - 09:29

КР Акыйкатчы (Омбудсмен) институту тарабынан демилгеленген “Укук кербени” долбоору өз сапарын улантууда. Иш чара 10-декабрь –Адам укуктарын коргоо күнүнө карата уюштурулган.

КР Акыйкатчысынын орун басары А.Колоповдун жетекчилигиндеги топ учурда  Ош шаарында жана Ош облусунда иш сапарында жүрүшөт. Бүгүн жергиликтүү эл менен жолугушуулар башталды.

Ал эми КР Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси А.Азарбеков жетектеген топ Жалал-Абад облусунда иш сапарын улантышууда, учурда алар Тогуз-Торо районунда.

Ал эми КР Акыйкатчысынын Борбордук аппаратынын тармактык бөлүмдөрүнүн биринин башчысы Н.Токтосунова жетектеген топ Нарын облусунда жолугушууларын башташты. Ошондой эле Чүй облусунда да “Укук кербени” өз ишин баштады, бул топту КР Акыйкатчысынын Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Карабаева жетектейт.

Эске салсак, бул долбоорду ишке ашырууга Европа биримдиги жана Германия экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) кошо каржылануучу “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү 2-фаза” программасы тарабынан колдоого алынган.

“Укук кербени” долбоору Баткен жана Талас облустарында өз ишин жыйынтыктады.