“Укук кербени” Ош шаарында

27/10/2021 - 11:59

«Укук Кербени» долбоорунун алкагында КР Акыйкатчысынын орун басары А.С. Колопов жетекчилик кылган топ 2021-жылдын 26-октябрь күнү  Ош шаарынын жарандары менен жолугушту. Эл менен болгон жолугушуу Ош шаардык мэриясынын  жыйындар залында өттү.

Жолугушууда Акыйкатчынын орун басары А.С. Колопов «Укук кербени» долбоорунун максаты жөнүндө,  ошондой эле Омбудсмен институнун ыйгарым укуктары тууралуу маалымат берди.  Ал Омбудсмен институту учурда жарандык коом, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташарын белгилеп, Омбудсмен институту, ЮНИСЕФ, ЕККУ, БУУнун Баңги каражаттарына каршы башкармалыгы, БУУнун Адам укуктары боюнча Башкы комиссары, Европа биримдиги сыяктуу уюмдар менен тыгыз иштешет жана “Эркиндик үнү” , “Юристтер адам укугу үчүн”, “Кылым шамы”, “Поколение-Инсан” аттуу  коомдук уюмдары менен  адам укуктары боюнча чогуу иш–чараларды, мониторингдерди өткөрүшөрүн, алар менен бирге концептуалдуу сунуштарды иштеп чыгышаарын, ал сунуштар жылдык баяндамага киргизилерин кошумчалады.

 Жолугушуу учурунда эл тарабынан айтылган төмөндөгү көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү.

         Жолугушууда Ош шаарынын тургуну, пенсионер Ш. Ж. кайрылып, “СМУТТ” ишканасынын мүлкү, бала бакча, стадион, техникалар мыйзамсыз менчиктештирилип 1 жеке адамдын колуна өтүп кеткен, ушул обьектилерди элге кайтарыш керектигин, анткени “СМУТТ” шаарчасынын жашоочулары жаш балдарын шаардын борборундагы бала бакчаларга күндө ташып убара тартып жаткандыгын маалымдады. “Ошол талашка түшкөн имарат 1974-курулуп ишке берилип, 140 орундуу  балдар бакчасына ыңгайлаштырылган. Бул боюнча прокуратурага кайрылганбыз, ушул күнгө чейин чечилбей келет”- дейт. Жолугушууга катышкан прокуратуранын өкүлү аталган жаранды кабыл алып, мыйзам чегинде чара көрүүгө  убада берди.

         Ош шаарынын тургуну, Аксакалдар сотунун төрагасы Мирзакматов Мухтар шаарда мыйзамдуулукту күчөтүп, коррупцияга бөгөт коюу зарылдыгын белгиледи.

        Ош шаарынын тургуну, Ж.Т.  Ош шаарында көп кабаттуу бийик үйлөр жолго жакын салынып, анын жанындагы үйлөргө жарык түшпөй, көлөкө жана караңгы болуп, ошондой авторанспорттордун киришине тоскоол болуп жатканын, дегеле мыйзамсыз курулуштар көбөйүп жатканын билдирди. 

        Ош шаарынын тургуну, С.Б.  Ош шаарынын Манас-Ата  шаарчасында бир  үй-бүлөдөн төрттөн кишиге жер берилгенин, алар жерди бекер алып кайра сатып жатышат деп, жер бөлүштүрүү комиссиясынын курамын, мүчөлөрүн алмаштыруу зарылдыгына токтолду. Себеби комиссия мүчөлөрү жерди тааныштарына берип жатат деди. Бул боюнча Ош шаарынын прокуратурасынын өкүлү аны кабыл алып, иш боюнча мыйзам чегинде текшерип чыгаарын убада берди. Ушул эле маселе боюнча Ош шаарынын мэриясынын жер боюнча башкы адиси сөз сурап, төмөндөгүлөрдү билдирди: Бүгүнкү күнү Ош шаары боюнча 20 000 жаран жер алуу үчүн кезекте турат. Анын ичинен 750 ден сооолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар (ЛОВЗ). Бул жарандар 2005-жылдан бери кезекте турушат, бирок бүгүнкү күнгө чейин жер тилке алышкан эмес.  

        Бул маалымат боюнча Ош шаардык прокуратурасынын өкүлү Б.С. арыз жазып берүүсүн өтүндү.

        Ошондой эле, Кыргыз Республикасындагы этникалык кыргыздардын түштүк аймагы боюнча өкүлү Мамбеткулов Исматилла жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн төмөндөгүлөрдү суранды:

  • Башка мамлекеттен биротоло көчүп келип жашап турган этникалык кыргыздарды, убактылуу жашап жаткан жерине каттоого алууну;
  • Тажикстан Республикасынын чек арасы аркылуу өтүп келе жаткан этникалык кыргыздарды, Кыргыз Республикасынын чек арасынан тоскоолдуксуз өткөрүү маселелерин көтөрдү.

Жолугушууда айтылган сунуштар, кайрылуулар Акыйкатчынын Ош облустук өкүлчүлүгү тарабынан көзөмөлгө алынды.

Эске салсак, «Укук кербени» долбоорун ишке ашыруу Европа биримдиги жана Германия экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) кошо каржылануучу “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү, 2 фаза” программасы тарабынан колдоого алынган.