“Укук кербени” долбоорунун катышуучулары Нарын облустук бириктирилген ооруканага мониторинг жүргүзүштү

20/10/2021 - 17:40

Нарын облустук бириктирилген ооруканада  психиатриялык бөлүм менен наркологиялык бөлүмү оптимизация максатында бириктирилген. Бирок, дарыгерлер буга каршы. Себеби, ичкиликтен дарыланып жаткан бейтаптар менен психикалык жактан жабыр тарткан бейтаптардын бир бөлүмдө дарыланышы туура эмес. Себеби, палата башка болгон менен коридор, ашкана, даараткана бир болгондуктан, психикалык жактан ооруган адамдар өзүн көзөмөлдөй албай  калган учурларда көйгөй жаралат. Ошондой эле аял, эркек бөлүмдөрү деп бөлүнгөн эмес. Бул медициналык стандарттарга дал келбейт. Медициналык персоналдарга ынгайсыздык жаратат.

Медициналык кызматкерлердин  айлык акылары аз болгондуктан, кадрлар токтобойт. Бөлүм ремонтту талап кылат. Жалпы 20 керебет орун бар.  Анын ичинен 6  керебет оруну наркологиялык бейтаптар үчүн. 14 психикалык бейтаптар үчүн эсептелинген. Бул психикалык жактан жабыркаган адамдар үчүн Нарын облусу боюнча жалгыз бөлүм болгондугуна карабастан,  КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан көнүл бурулган эмес.   Бейтаптарга тамак-аш үйдөн көп келбейт, оорукананын тамагын ичишет. Санитардык абалы начар.

Оорукананын башкы дарыгери Чынгыз Нарынбековдун айтымында,  оорукананын балансындагы бир обьектти РЭС ээлеп алып, ал боюнча соттук териштирүүлөр болгон Ал имаратты  РЭС Саламаттык сактоо министрлигине бошотуп берүү боюнча соттун чечими чыккан. Бирок, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кайрадан өз балансына өткөрүү үчүн финансылык шарттар болбой  жатканын айтты. Эгерде баланска  өткөрүп беришсе, ремонт жүргүзүп, жогоруда аталган  бөлүмдү экиге бөлөт элек- дейт.

Эске салсак, «Укук кербени» долбоорун ишке ашыруу Европа биримдиги жана Германия экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) кошо каржылануучу “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү, 2 фаза” программасы тарабынан колдоого алынган.