“Укук кербени” долбоорунун катышуучулары Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн УКЖсына жана Кара-Шыбак аскердик чек ара заставасына мониторинг жүргүзүштү

20/10/2021 - 17:51

“Укук кербени” долбоорунун алкагында КР Акыйкатчысынын орун басары А.Колопов жетектеген топ, учурда Ош облусунун Чоң-Алай районунда иш сапарда жүрүшөт. Чоң-Алай РИИБнын убактылуу кармоочу жайына (УКЖ) мониторинг жүргүзүү учурунда төмөндөгүлөр аныкталды:

Убактылуу кармоочу жайы стандарттарга жооп бербейт, жуунучу душу жана туалети жок. Ошондой эле камераларда керебеттин жоктугунан бетонго жатышат. Аптечкадагы дары-дармектердин мөөнөтү өткөн. Райондук прокуратура тарабынан көзөмөл жүргүзүлбөйт. Мониторинг учурунда 2 жаран жасаган кылмышы үчүн шектүү деп кармалып, кылмыш жасаган жерине тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн алып кетишкен.

"Укук кербени" долбоорунун катышуучулары Кара-Шыбак чек ара заставасына мониторинг жүргүзүштү. Аталган чек ара заставасынын командиринин милдетин аткаруучу Кылычбек уулу Жолболду. Заставанын өздүк курамы менен жолугушуу өткөрүлүп, КР Акыйкатчысынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берилди. Өздүк курамдын кызматкерлери толугу менен келишимдин негизинде  кызмат кылышат. Өздүк курамдын кызматкерлери тарабынан арыз-даттануулар болгон жок. Алар өздүрүнө жүктөлгөн милдетти аныкталган укуктук ченемдин алкагында ишке ашырышат.

Эске салсак,  "Укук кербени"  долбоорун ишке ашырууга Европа биримдиги жана Германия экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) кошо каржылануучу “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү, 2 фаза” программасы тарабынан колдоого алынган.