“Укук кербени” Ак-Талаа районунда

21/10/2021 - 17:20

Нарын облусунда болгон "Укук кербенинин" экинчи күнү Ак-Талаа районунда болду. Ак-Талаа районунун акими, мамлекеттик кызматкерлер жана жергиликтүү тургундардын жарандардын катышуусунда жолугушуу болуп өттү.

Жарандардын кайрылуулары  көбүнчө жөлөк пул, миграцияга байланыштуу маселеге байланыштуу болду. Район ичиндеги көйгөйлөр көбүнчө ички, тышкы миграциядан улам орун алып жатканын айтышты. Райондук ардагерлер кенешинин төрагасы Жайлообай Абдиев райондогу дарыканалардын ээлерине нааразычылыгын билдирди. Республиканын бардык аймактарында пенсионерлер 5 пайыз арзандатуу менен дары-дармек алышат. Бирок, бир гана Ак-Талаа районунда каралган эмес. Андыктан, бул маселени тийиштүү жерге жеткирүүнү Акыйкатчы өкүлдөрүнөн суранышты.

Ден- соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата- энелеринин тобу Ак-Талаа районунда алардын балдары үчүн кризистик борбор эл аралык уюмдардын долбоорунун жардамы менен ачылганын, ичиндеги эмеректер жеке демөөрчүлөрдүн жардамы менен жабдылганын айтышты. Борбор  балдардын ан-сезимин өстүрүүгө, социумга аралашууга, апалары ишке чыгууга эн жакшы мүмкүндүк берет. Эми ошол борбордо иштеген мугалимдердин, техперсоналдын айлык акысын төлөө, балдардын тамак-ашын камсыз кылууга каражат каралган эмес. Райондук администрация, айыл өкмөтү тарабынан туруктуу негизде жардам берүүгө мүмкүн эмес, анткени борборду уюштурган коомдук уюм болгондуктан, мамлекетке   алуу механизми каралган эмес. Балдардын ата-энелери мугалимге, тамак- ашка акчаны өздөрү чогултуп келишет.  Алардын турмуш шарты начар болгондуктан, төлөмдөр оорчулук келтирет.

Алар борборду айыл- өкмөтүнө же болбосо социалдык өнүгүү министрлигинин балансына өткөрүп берилишине айрым мыйзамдык актылар тоскоол болуп жаткандыктан, бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты. КР Акыйкатчысынын тармактык бөлүмүнүн башчысы Наиля Токтосунова Ак-Талаа районунун  акими Ж. Жапаровго жана    Социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчисине бул маселени чечүү жолу катары мамлекеттик  соцалдык буйуртманын  тендерине катышууну сунуштады.  Аким тарабынан бул маселе боюнча райондук тиешелүү кызмат адамдарына дароо протоколдук тапшырма берилди.

“Укук кербенинин” катышуучулары жарандарга жекече консультацияларды беришти. Жергиликтүү тургундардан алынган жазуу жүзүндөгү  арыз- даттанууларбоюнча мындан ары тиешелүү жумуштар жүргүзүлөт.  Жолугушуудан сон, “Укук кербенинин” катышуучулары аталган  кризистик борбордун шарттары менен жеринен таанышты.

Акыйкатчы өкүлдөрү тарабынан Ак-Талаа райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда ал жерде Н.А. аттуу жаран КР Жазык кодексинин 266- беренесинин  2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмышка шектүү катары кармалып турган. Нарын райондук сотунун чечими менен 25-сентябрдан тартып, 25-октябрына  чейин Нарын шаарындагы ТИЗО 24 мекемесине камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган. Бирок, мониторинг учурунда ал дагы эле убактылуу кармоочу жайда кармалып турган эле. Кармалып турган жаран менен Н. А. менен сүйлөшүүдө ал милиция кызматкерлерине, кармоо шарттарына нааразычылыгы жок экенин билдирди.

 РИИБ башчысынын орун басары К. К. Тойчиевдин маалыматы боюнча, аталган жаранды карантиндин мөөнөтүнө байланыштуу ТИЗО албай койгонун айтты.  

Эске салсак, «Укук кербени» долбоорун ишке ашыруу Европа биримдиги жана Германия экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) кошо каржылануучу “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү, 2 фаза” программасы тарабынан колдоого алынган.