Учурда №1 ТИЗОдо CoViD-19 илдетин жуктургандар жок

06/04/2021 - 15:11

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Аппаратынын адистештирилген бөлүмүнүн кызматкерлери № 1 ТИЗО башчысы Н.Турусбеков менен байланышып, айрым социалдык тармактарда жазылган, активист Кудайберген уулу Тилекматтын  CoViD-19 коронавируска чалдыкты -делген маалыматты такташты.

Н.Турусбековдун айтымында, адвокат А.Абдрахманов №1 ТИЗОго келип, бул маалымат үчүн жазуу жүзүндө суроо-талап калтырган. Тиешелүү мыйзамда белгиленген мөөнөттө ага расмий жооп берилет.

Кудайберген уулу Тилекмат ушул жылдын 31-мартында ИИББнын убактылуу кармоочу жайынан №1 ТИЗОго ПЦР анализинин жана рентгенографиянын натыйжалары боюнча которулган. Учурда анын ден соолугу жакшы жана CoViD-19 белгилери жок.  Аны өз колу менен  жазылган тил кат менен тастыктады. Аны менен кошо камерада дагы 16 киши жатат.

Мындан тышкары, №1ТИЗО башчысы учурда №21 тергөө изоляторунда CoViD-19 коронавирусун жуктурган бир дагы адам жок экендигин кошумчалады.