Убактылуу кармоочу жайлардагы медициналык тейлөөнүн абалы

02/05/2019 - 11:13

2019-жылдын 22-апрелинен 26-апрелге чейин  Акыйкатчы аппаратынын эркиндикти чектөөчү жайларда укук коргоо органдары тарабынан адам укуктарынын сакталышы бөлүмү жана Акыйкатчынын Ош облустук өкүлчүлүгү тарабынан  эркиндикти чектеген жана эркиндиктен ажыраткан жайларда кармалган адамдардын өз убагында жана квалификациялуу медициналык жардамга жетүү шарттарын үйрөнүү боюнча изилдөөнүн алкактарында Кыйноолорго каршы коалициянын эксперттери менен  бирге Ош облусунун Алай, Чоң-Алай, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунун  ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайларын жана Ош шаарындагы ШИИБ УКЖга мониторинг жүргүзүлдү.

Эксперттер тарабынан зарыл болгон учурда кармалгандарга медициналык жардам көрсөтүүнүн шарттары, медициналык тейлөөнүн деңгээлине канааттануу деңгээлин,  медициналык аптека кутучаларынын болушу жана анын ичиндеги дары-дармектер, кармалгандарды  УКЖдан чыгарууда медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү  маселелери каралды. УКЖда кармалган адамдардан медициналык тейлөө маселелери боюнча сын пикирлери жана сунуштары сурамжыланды. Кыдыруу учурунда кыйноо фактыларын колдонууга өзгөчө көңүл бөлүндү. Белгилеп коюучу жагдай, 2019-жылы жаңы кодекстердин күчүнө кириши менен убактылуу кармоочу жайда кармалгандардын саны кыйла азайганы байкалды.