Убактылуу кармоочу жайда 48 сааттан ашуун кармалган фактылары ачыкталды

27/03/2019 - 11:42

2019-жылы 19-мартта Укук коргоо органдары тарабынан жана эркиндикти чектеген жана эркинен ажыратуу жайларындагы  адам укуктарынын сакталышы бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасынын кызматкерлери менен биргеликте   Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын  убактылуу кармоочу жайына (ШИИБ УКЖ) жана Свердлов районундагы №6 шаардык милиция бөлүмүнө күтүүсүз текшерүү жүргүзүштү.

Рейд учурунда нөөмөт бөлүктөрү, кармалгандар үчүн кармералар текшерилди, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кабинеттерин, ыкчам кызматкерлердин жана тергөөчүлөрдүн кабинеттерине  кыдыруулар болду.

Бишкек ШИИБ УКЖда  соттордун чечимдери менен  22 тергөөдөгүлөр  кармалып турушкан.

Ленин РИИБ тергөөчүсү Ы.Турдубаев, А.Табалдиев, Биринчи май  райондук ИИБ тергөөчүсү Д.Надыровдордун өзүлөрүнүн  кызматтык милдеттерине шалаакы мамилесинен улам, алар кармаган жана алардын өндүрүшүндө тургандар боюнча ШИИБ УКЖ башчысына №1 форма берилген эмес. Мындай учурда соттордун, кылмышка шектелүүчүлөрдү № 1ТИЗОдо кармоо тууралуу чечимдери аткарылбайт.

КР Акыйкатчысы эске салат, убактылуу кармоочу жайлар  кылмышка шектелгендерди  кыска мөөнөттө (48 саатка чейин эле) кармоого ылайыкталган.

Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери бул БУУнун “Кыйноолорго жана таш боор, адамгерчиликсиз мамилеге жана жазаларга каршы конвенциясына” ылайык,  жогоруда көрсөтүлгөн фактылар кыйноолорго тете деп эсептешет жана эл аралык жана улуттук мыйзамдарды бузуу болуп саналат. Мониторингдик топ бул  текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча  бул фактылар боюнча тиешелүү актыларды жазышкан.

КР Акыйкатчысынын өкүлдөрү менен прокуратура органдарынын биргелешкен аракеттери  эркиндикти чектеген жана эркиндигинен ажыраткан жерлердеги адам укуктарынын сакталышынын жагдайын  реалдуу байкоого  шарт түзөт. Ушундай алдын алуучулук жана превентивдүү баруулар Бишкек шаарынын башка райондорунда да тынымсыз жүргүзүлмөкчү. Жакынкы күндөрдө Акыйкатчы Аппаратынын өкүлдөрү менен “Голос свободы” коомдук фондунун да чогуу кыдыруулары пландаштырылган,  деп белгилешти Акыйкатчы Аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери.

Акыйкатчынын Басма сөз кызматы