Т.Жаанбаев: "Азык" инклюзивдик окутуу жана кризистик борборунда үч жылдан бери иштеген 3 кызматкердин эмгек акысын чечүү зарыл

26/02/2022 - 15:50

Балдарды зомбулуктан коргоонун бир айлыгынын алкагында КР Акыйкатчысынын Нарын облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Ак Талаа районунун Баетов айылындагы  "Азык" инклюзивдик окутуу жана кризистик борборунда мониторинг өткөрүштү.

2022-жылдын 25-февралына карата  12 бала ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүүлүгү боюнча  реаблитациядан өткөрүлүүдө. 4 бала биринчи топтогу, 5 бала экинчи топтогу, 3 бала 3-топтогу майыптуулугу аныкталган. ДМЧ балдардын жаш курагы 6-16 жаштагылар. Иштөө режими жумасына беш күн саат 10:00-16:00 чейин иштейт. Ата-энелер кезек менен балдарды карап иштешет. Укуктук макамы - коомдук бирикме. Уставы даярдалып жатат, юстициядан каттоодон өтө элек. Материалдык жактан камсыздандырылуусу-жергиликтүү айыл өкмөтүнөн,  райондук администраци бюджетинен  жана жеке ишкерлер тарабын каржыланат. Райондук администрация тарабынан  көзөмөлдөөгө алынган. Учурда бул реабилитациялык борбордун укуктук макамын өзгөртүп,  бюджетке алуу маселеси курч турат, бирок буга мыйзамдар жол бербейт. Акимдин буйругу менен бюджетке өткөрүүгө имарат, жылуулук энергия жергиликтүү бийлик тарабынан чечилген.

Быйыл донорлордун эсебинен ремонттон өткөрүү мерчемделген. Мониторингдин жыйынтыгы менен облустук администрацияга сунуш берип, 2020-жылдын 18-апрелинен баштап иштеп жаткан 3 адамга айлык акыларын чечип берүү сунушталды. Айлык акыларды бюджеттик каражаттан же кайрымдуулук фонддорунун жардамдары аркылуу чечүүгө болот.

Жамаатка Акыйкатчы институту тууралуу жана учурда жүрүп жаткан Балдарга карата зомбулуктун алдын алуу туралуу кенири маалыматтар берилди.