Тууганы машинага аркан менен байлап сүйрөгөн 9 жашар баланын ишин КР Акыйкатчысы өз көзөмөлүнө алды
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын материалдарынан белгилүү болгондой, 27 апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май районун РИИБ кызматкерлери өз жээнин жипке байлап машинанын артында сүйрөтүп, балага таш боор мамиле жасаган 32 жаштагы Б.С. кармалган. Милициянын маалыматы боюнча 9 жаштагы Ж.К атасы жок, апасы туугандарына калтырып, Россияга акча иштеп келүүгө кеткен.
Маалымат алынаары менен эле КР Акыйкатчысынын орун басары Е.Алимбаевдин колу коюлган суроо-талап Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына суроо-талап жөнөтүлүп, бул бала тууралуу, анын үй-бүлөсү, ошондой эле Башкармалык тарабынан бул баланын турмушун жакшыртуу багытында кандай чараларды көрүлөөрү тууралуу кеңири маалымат берүүсү суралган.
Биринчи май райондук соту Б.С.ке карата ашкере адамгерчилик менен аны эч жакка кетпөө тууралуу баш коргоо чарасын аныктаган соң, Акыйкатчы Токон Мамытов бул балага байланышкан ишти жеке көзөмөлүнө алган.
Учурда Акыйкатчынын өкүлдөрү жабыркаган балага №3 Балдар клиникасынын нейрохирургия бөлүүмүнө барып,анын абалынан кабар алышкан, медициналык кызматкерлер менен жолугушкан. Ошондой эле №86 орто мектебинин (“Калыс-Ордо” жаңы конушунда жайгашкан) директору жана ал бала окуган класстын класс жетекчиси менен сүйлөшүшкөн.
Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери аталган маселе боюнча мамлекеттик органдардын аракетине мониторин жүргүзүшөт: а.а. Биринчи май райондук Социалдык өнүгүү башкармалыгынын ишмердигине мониторинг жүргүзүшөт, анткени бала жарым жетим болуп эсептелет; ошондой эле 32 жаштагы Б.С. карата процесстик жана соттук чечимдерди кабыл алуучу укук коргоо жана сот органдарынын ишине мониторинг жүргүзүшөт.
Мындан сырткары, Акыйкатчынын өкүлдөрү жабыркаган бала ооруканадан чыгарылгандан кийин социалдык мекемеге же кризистик борборго жайгаштыруу аракетин көрүшүүдө.
"Балага карата көрсөтүлгөн мындай зомбулуктан кийин ага коргоо жана тийиштүү кечипкөй социалдык жана психологиялык жардам керек",-деп эсептейт Акыйкатчы Токон Мамытов.
Келип түшкөн маалыматка караганда, баланын энеси Россиядан үйүнө карай сапар тартканы белгилүү болду.