Түрк тилдүү мамлекеттердин Омбудсмен Институттарынын ассоциациясы жакынкы арада түзүлөт

04/11/2020 - 10:30

Бүгүн, 4-ноябрда, КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Ерлан Алимбаев түрк тилдүү мамлекеттердин Омбудсмендеринин онлайн жолугушуусуна катышты. Жолугушуунун башкы темасы түрк тилдүү өлкөлөрдүн Омбудсмендеринин ассоциациясын түзүү болду. Ошондой эле күн тартибинде Ассоциацияны түзүү боюнча аткарылып жаткан аракеттерди баалоо,  COVID-19 пандемиясынын шарттарындагы учурдагы абал жана түзүлүп жаткан уюмдун натыйжалуу иштеп кетиши үчүн сунуш-пикирлер талкууланды.

Онлайн жолугушуу Түркия Республикасынын Башкы Омбудсмени Шереф Малкоч мырзанын (Mr. Şeref Malkoç) демилгеси менен уюштурулду.

Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басары Ерлан Алимбаевдин айтымында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту бүгүнкү күндө Омбудсмендердин Азия ассоциациясынын, Европа Омбудсмен Институтунун, Омбудсмендердин Азия-Тынч океан форумунун жана Омбудсмендердин Евразиялык альянсынын мүчөсү болуп саналат. Аларга мүчө болуу, улуттук укук коргоо институттарынын адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо ишинде кызматташуусу алгылыктуу натыйжадарга алып келүүдө.

Түрк тилдүү мамлекеттердин Омбудсмендеринин жаңыдан түзүлүп жаткан ассоциациясына КР Акыйкатчы Институтунун мүчө болуусу мигранттарыбыздын аталган түрк тилдүү мамлекеттерде укуктарынын натыйжалуу корголушуна  жагымдуу таасирин тийгизет.   

Омбудсмендердин онлайн жолугушуусунун ишине Кыргызстандын, Түркиянын, Азербайжандын, Өзбекстандын, Казакстандын жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Омбудсмендери жана башка өкүлдөрү катышты.

Эске салсак, 2019-жылдын 18-19-ноябрында Омбудсмендердин Стамбулдагы эл аралык 2-конференциясы учурунда Түрк тилдүү мамлекеттердин Омбудсмен Институттарынын Ассоциациясын түзүү идеясы алгачкы ирет талкууланган. Бирок COVID-19  пандемиясына байланыштуу айрым уюштуруу иштери кийинкиге жылдырылып калган эле.