Токон Мамытов жана Терхи Хакала КР укук коргоо ишмердигинин айрым маселелерин талкуулашты

09/09/2021 - 18:37

Бүгүн 2021-жылдын  9-сентябрында КР Акыйкатчысынын кеңсесинде  КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Терхи Хакала менен жолугушуу болду. Жолугушууда ошондой эле, Атайын өкүлдүн саясий кеңешчиси  Лига Джермакане айым,  кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер мырза жана Европа Биримдигинин Элчисинин орун басары Раймонд Внгрис мырза катышты.

Тараптар адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелерин талкууга алышты. Акыйкатчы Токон Мамытов КР Омбудсмен Институтунун ишмердигинин негизги багыттарына токтолду. Мындан тышкары, Борбор Азия Омбудсмен Институттарынын өз ара кызматташтыгына байланышкан маселелер, ошондой эле качкындар маселелери жана Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Эске салсак, Европа Биримдиктин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, Элчи Терхи Хакала  айым Кыргызстанга бүгүн келген. Ал ушул жылдын 1-июлунда кызматка киришүүсүнөн кийинки  республикабызга  алгачкы иш сапары эле.