Токон Мамытов Түркиянын Омбудсменине кайрылып, Орхан Инанды Кыргыз Республикасына кайтаруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрылды

09/07/2021 - 14:01

Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов Түркия Республикасындагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шереф Малкоч мырзага кат жолдоп, анда Кыргыз Республикасынын жараны Орхан Инандынын жоголгон фактысы ИИМдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине № 03-055-2021-004973 менен Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 170 беренеси (адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ага ылайык сотко чейинки өндүрүш иши башталганын маалымдады.

2021-жылдын 6-июлунда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды Орто Азиядагы ФЕТО уюмунун жогорку лидерлеринин бири катары туткунга алынып, Түркияга алынып келгенин жарыялаганы эл аралык маалымат каражаттарынан белгилүү болгон.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, ошондой эле О.Инанды 2012-жылдан бери Кыргыз Республикасынын жараны экендигин эске алуу менен, Акыйкатчы Түркия Республикасындагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнөн ага керектүү жана ар тараптуу мыйзамдуу жардам көрсөтүүнү, ошондой эле Орхан Инанданын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону, андан тышкары камакка алынган жерге барып кабар алууну жана биздин жаранды Кыргыз Республикасына кайтарып берүү үчүн тиешелүү чараларды көрүүнү суранды.