Токон Мамытов: “Республиканын укук коргоо органдары өз ишин мыйзам чегинде гана жүргүзүп, өзүлөрүнүн ыйгарым укуктарынан чегинен чыкпоосу керек”

22/10/2020 - 11:28

2020-жылдын 21-октябрында КР Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында болуп өткөн инцидентке байланыштуу КР Акыйкатчысы Токон Мамытов мамлекеттик бардык органдар, эң оболу, укук коргоо органдары  өз ишин  мыйзам чегинде гана жүргүзүп, өзүлөрүнүн ыйгарым укуктарынан чегинен чыкпоосу керектигин  эске салат.

“Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кайсы биринин өз ыйгарымдарынан бир аз эле аша чабуу же өз иш милдеттерин талаптагыдай аткарбоосу түзөтүлгүс залакаларга алып келиши ыктымал. Айрыкча азыркы учурда, биздин өлкөдө эми гана тынчтык орноп, ырашкердик жана туруктуулук орноп жаткан учурда өтө кыраакылык менен иштөө зарыл”,-деп эсептейт Акыйкатчы.

Эске салсак, КР Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева кабарлагандай, 21-октябрда БШКга ИИМ кызматкерлеринин  бирөөсү келип,  тергөөчү Аданбеков кол койгон билдирмени көрсөткөн, БШКнын бардыке мүчөлөрү 5-6-октябрдагы башаламандыктар боюнча  суракка чакырылаарын билдирген. БШК мүчөлөрү мындай мыйзамсыз талаптан баш тарткан учурда, ал милиция нарядынын коштоосунда мажбурлап алып кетүү менен коркутканы тууралуу маалымат тараган.

Ушуга байланыштуу КР Акыйкатчысы КР ИИМ жетекчилигинин көңүлүн бул жагдайларга бурат:  Боршайлооком бул конституциялык орган., анын  ишмердиги тууралуу КР Конституциясынын 106-беренесинде так, таамай жазылган, ага ылайык,  “Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат”.

Ошондой эле КР Конституциясынын 109-беренесинде  Конституциянын ушул бөлүмүндө “көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын (анын ичине Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия да кирет) уюштурулушу жана иштөө тартиби, ошондой эле алардын көз карандысыздыгынын кепилдиктери мыйзамдар менен аныкталат”-деп жазылган. Ошондуктан бул жерде укук коргоо органдарынын жетекчилиги/же кызматкерлери өзү каалагандай аракеттенүүсүнө жол берилбейт деп баса белгилейт  КР Акыйкатчысы.

КР Акыйкатчысы ошондой эле, КР ИИМ жетекчилигине жана кызматкерлеринин эсине салат. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 191-беренесинин 2,-пунктуна ылайык, . Шайлоо комиссияларынын, референдум өткөрүү боюнча комиссияларынын ишине шайлоо комиссиясынын, референдум өткөрүү боюнча комиссиянын, же болбосо шайлоо комиссиясынын, референдум өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсүнүн өз милдеттерин аткаруу менен байланышкан ишине кийлигишүү жолу менен, анын ичинде алардын чечимдерине таасир көрсөтүү максатында кызмат ордун же кызмат абалын пайдалануу менен тоскоолдук кылуу, атап айтканда, кызмат адамынын талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо, шайлоочулардын, референдумга катышуучулардын добуштарын эсепке алуу маселелери же башка маселелер боюнча талап коюу же көрсөтмө берүү, же болбосо, шайлоо процессинде колдонулуучу мамлекеттик маалымат системаларынын ишин бузууга атайылап аракет жасоо же маалыматтарын бурмалоо, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып пул салууга жазаланат.

3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тарабынан жасалган ошол эле жосундар, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып пул салууга жазаланат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө КР Мыйзамынын 12-беренесинин 10-11-пункттарына ылайык,

10. Шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө карата жазык иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан гана козголушу мүмкүн.

11. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү тигил же бул маселе боюнча өз пикири, сунушу үчүн куугунтукталышы мүмкүн эмес. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө жана аппараттын кызматкерлерине өз ыйгарым укуктарын жана кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылуу же кимдир-бирөөнүн пайдасына чечим кабыл алууга мажбурлоо максатында таасир көрсөтүү, зомбулук аракеттерди жасоо, мазактоо, ага тете ушактоо, анын ыйгарым укуктарын жана кызматтык милдеттерди аткарышы жөнүндө жалган маалыматтарды таркатуу мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

КР Акыйкатчысынын пикиринде, бул жагдайдын КР ИИМ тарабынан чечилиши жана териштирүүнүн жүрүшү КР Башкы прокуратурасынын көзөмөлүндө болушу керек.