Токон Мамытов «Нурлуу кайрымдуу кыздар» кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрүнө Ардак грамоталарды тапшырды

01/10/2020 - 16:36

Бүгүн, 1-октябрь күнү, Токон Мамытов «Нурлуу кайрымдуу кыздар»  кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрү Л. Кайыркулова, И. Жээналиева, Б. Раева жана А. Бактыбековага Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ардак грамоталарын тапшырды.

Жолугушуу учурунда Акыйкатчы бул уюмдун бардык катышуучуларына алардын боорукердиги жана адамгерчилик мамилеси, кыйын кырдаалда CoViD-19 коронавирус пандемиясы учурунда адам өмүрү жана ден соолугу үчүн кам көрүшкөнү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Нурлуу кайрымдуу кыздар» коомдук уюмунун төрайымы З. Кемельбекова, белгилегендей, өз бизнестери менен алектенген бул айымдар өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуп турган шартта өз каражаттарына эң зарыл болгон дары-дармектерди, пульсоксиметр, коргонуучу каражаттарды сатып алып, аларды республиканын аяр катмарына акысыз таркатышкан.

Мындан сырткары, 2020-жылдын 21-мартында түзүлгөн бул уюмдун 55 катышуучусу 29 кычкылтек концентраторлорун сатып алышкан, алардын 16сы Ош облусуна жөнөтүлүп, 13 ү анда коронавирус илдетине чалдыккан бейтаптар дарыланып жатышкан Семетей обсервациясына (мурдагы Ганси айвиабазасындагы) берилген.. Ошондой эле алар тарабынан шаардык №4 клиникалык ооруканасынын күйүк бөлүмүнө матрац, төшөнчүлөр сатылып берилген. Турмуштук оор абалга кабылган, жашы жетпеген алты баланын энесине  “Ак-Босого” жаңы конушунан турак-жай  сатып беришкен..