Токон Мамытов миграциялык процесстерде балдарды коргоого арналган аймактар аралык консультативдик жолугушууга катышып жатат

14/11/2019 - 17:25

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов ушул күндөрү (14-15-ноябрь) Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өтүп жаткан «Түштүк-Чыгыш, Түштүк жана Борбордук Азиядагы миграциялык процесстерде балдарды коргоо» темасындагы ЕБ-ЮНИСЕФ көп өлкөлүк/аймактар аралык программасынын контекстинде аймактар аралык консультативдик жолугушууга катышып жатат.

Бул жолугушууга Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын Омбудсмендери жана Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; Казакстандагы ЕБ өкүлдөрү; ЮНИСЕФтин Аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү (Европа жана Борбор Азия, ошондой эле Чыгыш  Азия жана Тынч океан аймактарындагы өлкөлөр үчүн); Вильнюс (Литва) шаарындагы Коомдук саясатты башкаруу институтунун командасы (PPMI изилдөө институту), ошондой эле аймактар аралык жолугушуунун өлкө-катышуучуларынын мамлекеттик жана өкмөттүк түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышышат.

Иш-чаранын уюштуруучулары тарабынан төрт негизги максаттар аныкталган: 1) миграциялык процесстердеги балдардын абалына аймактар аралык талдоо жүргүзүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жана сунуштарын бекитүү; 2) Борбор Азия өлкөлөрүндө аларды чечүү үчүн жалпы чакырыктарды жана стратегияларды талкуулоо; 3) таркатуу үчүн үлгү болуп кала турган сабактар жана демилгелер менен бөлүшүү; 4) миграциялык процесстердеги балдардын көйгөйүн чечүүдө башка өлкөлөрдүн үлгүлөрү менен таанышуу.