Токон Мамытов Мамлекеттик тилде мыкты жат жазуу жазган кызматкерлерге ыраазычылык билдирди

24/09/2021 - 17:20

Бүгүн, 24-сентябрда, Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кызматкерлерине Мамлекеттик тил күнүнө (23 -сентябрь) арналган жат жазууда жакшы көрсөткүчтөр үчүн ыраазычылык билдирди.

Атап айтканда, эмгек китепчесине жазуу менен ыраазычылык Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Колопов Альберт Сексенбаевичке жана кызматкерлер: Келсинбек кызы Кереметкан;  Жумашалиева Жылдыз Бейшенкуловна; Мадиева Эльмира Жумагуловна;  Акимова Мингүл;  Иманалиева Талайкул Нурбековна; Марсбекова Айжамал Марсбековнага ыраазычылык жарыяланды.

Каржы, бухгалтердик эсеп жана административдик чарбалык камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жыргалбекова Айжан Жыргалбековна эң жакшы жыйынтык көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын “Ардак грамотасы” менен сыйлоо өтүнүчү менен кайрылат. 

Эске сала кетсек, кечээ, 2021 -жылдын 23 -сентябрында Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери “Кыргыздар колдонгон жазуулар”  деген темада жат жазуу жазышкан. Жат жазуу учурунда кызматкерлерге Орхон-Енисей жазуулары жана байыркы түрк жазма эстеликтеринин таржымалы  менен таанышуу мүмкүнчүлүгү берилген.

Жат жазуу текстин К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин доценти Нуржан Черикова окуду.

.