Токон Мамытов Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам программасынын алкагында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча үч тараптуу макулдашууга кол койду

13/11/2019 - 17:33

Бүгүн, 2019-жылдын  13-ноябрында КР Акыйкатчы аппаратынын кеңсесинде КР Акыйкатчынын, КР Юстиция министрлинин алдында мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча түзүлгөн координиациялык борбордун жана “Юристтер адам укуктары үчүн” коомдук фондунун ортосунда өз ара кызматташуу боюнча үч тараптуу макулдашууга кол коюлду.

Макулдашуу Кыргызстандын жарандарын натыйжалуу жана ыкчам юридикалык жардам менен камсыз кылууга жана МКЮЖ менен камсыз кылуу программасын ишке ашыруу боюнча тараптардын ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттарын аныктоого багытталган. Атап айтканда, консультациялык- укуктук жана квалификациялык юридикалык жардамды (анын ичинен жарандын эркиндиги чектелген жана ажыраган жайларда) камсыз кылуу боюнча биргелешкен иш-чараларды камсыз кылат. Мындан тышкары, келишимдин тараптары жабык мекемелерге тиешелүү мониторинг өткөрүү боюнча макулдашышты.

 Аталган документке кол койгондор: Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Т.Б. Мамытов, МКЮЖ боюнча координациялык борбордун директору А.С. Калбеков жана “Юристтер адам укуктары үчүн” коомдук фонддун төрайымы А.К. Койлубаева.

Макулдашуунун мөөнөтү-1 жыл ( андан ары улантуу мүмкүнчүлүгү менен), жана бүгүнкү күндөн тартып күчүнө кирет.