Токон Мамытов Кыргызстандын Коляскадагы бий федерациясынын координатору А.Телеушеваны Акыйкатчынын Ардак грамотасы менен сыйлады

23/09/2019 - 16:03

2019-жылы 23-сентябрда Токон Мамытов менен  Кыргызстандын Коляскадагы бий федерациясынын координатору жана жана «Love – Lafe» фондунун директору А.Телеушеванын жолугушуусу болду.

Жолугушууда Айнура Телеушовага ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын искусство жана маданият чөйрөсүндөгү укуктарын ишке ашырууга кошкон салымы үчүн Акыйкатчынын Ардак грамотасы ыйгарылды.

Сыйлыкты тапшырып жатып, Акыйкатчы А.Телеушованын жакында эле эл аралык сынакта жеңип чыкканы менен куттуктады.Ошондой эле ал мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга оң таасирин тийгизип жатканы баса белгилеп, ага турмушунда да, кесиптик чөйрөдө да жаңы жетишкендиктерди каалады.  

Эске сала кетсек, А.Телеушова 2019-жылдын 14-16-сентябрь күндөрү Россия Федерациясынын Челябинск шаарында Челябинск облусунун Омбудсмени тарабынан өткөрүлгөн “Жеңиш үчүн төрөлгөндөр” сынагында катышып, гран-приге ээ болгон эле. Беш өлкөнүн: Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Украина жана Россия Федерациясынан барган конкурсанттар баш байге үчүн ат салышкан. Айнура айымдын айтуусунда, ал негизги атаандаш катары Тажикстандан келген талапкерди атады. Жыйынтыгында, калыстар баш байгени А.Телеушовага ыйгарган эле.