Токон Мамытов Кыргызстан эл аралык университетинин студенттери менен жолугушту

10/03/2020 - 15:39

Бүгүн, 2020-жылдын 10-мартында КР Акыйкатчысы Токон Мамытов  Кыргызстан эл аралык университетинин “Эл аралык мамилелер” факультетинин  3-курсунун студенттери менен жолугушту. Алардын бир тобу КР Акыйкатчысынын борбордук аппаратында  окуу-өндүрүштүк практикасын өтүшкөн болчу.

Акыйкатчы болочок дипломаттарга эл аралык укук жана эл аралык мамилелерде жакшы адис болушаарына ишеним билдирди. “Кайсы кызматты ээлесеңер да силер биринчи кезекте адамдардын укуктарын урматташыңар керек, анткени республиканын имиджи, анын инвестициялык жагымдуулугу эң оболу, анда анда адам укуктары канчалык урматталганына жана соттордун канчалык адилеттүүлүгүнө байланыштуу болот. Кыргызстандын келечеги силердин колуңарда, келечекте кесипкөй мыкты адис болуп, силердей жаштардын күч аракетинен улам Кыргызстан ийгиликтүү жана ырааттуу өнүгөт”,-деп белгиледи Токон Мамытов.   

Өз кезегинде, студенттер Акыйкатчыга алар өндүрүштүк практикасын ийгиликтүү өтүшү үчүн  жагымдуу шарт түзүп бергени үчүн ыраазычылыгын билдиришти.