Токон Мамытов Кой-Таш айылынын тургундары менен жолукту жана Бишкек ш. №1 ТИЗО камакта жаткандарга барып мониторинг жүргүздү
Бүгүн, 2019-жылдын 12-сентябрь күнү Токон Мамытов Кой-Таш айылынын жергиликтүү тургундары менен жолукту. Жолугушуу учурунда ал 7-8 августта Кой-Таштагы окуя боюнча Акыйкатчы аппаратында 7 мүчөдөн турган атайын комиссия түзүлгөнүн маалымдады. Акыйкатчы белгилегендей, Акыйкатчынын орун басары Еран Алимбаев башында турган комиссиянын курамына бөлүмдүн жетекчилери киришкен.
Комиссиянын төрагасы Е. Алимбаев өз кезегинде жолугушууга келгендерге Акыйкатчы аппараты тарабынан республиканын бир катар мамлекеттик органдарына тийиштүү суроолор жиберилгенин айтты.
Ошондой эле КР Акыйкатчысы Кой-Таш айылындагы окуя боюнча милициялар тарабынан камакка алынган балдардын ата-энелеринин, туугандарынын арыз-даттанууларын укту.
Күндүн экинчи жарымында Токон Мамытов камакка алынган балдардын кармоо шарттарына мониторинг жүргүзүү үчүн №1 ТИЗО чыгып кетти. Атап айтканда, камакка алынган К. Уулу Р., А.К. жана башка К. Уулу Р. менен жолугушту. Алар тараптан кармоо жайындагы шартка, тамак-ашка, медициналык тейлөөгө арыз түшкөн жок бирок тергөө иштерине дооматтарын айтышты.
Мындан тышкары, Акыйкатчы №1 СИЗО камакта жаткан Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов менен жолукту.