Токон Мамытов III Борбордук Азия өлкөлөрүнүн улуттук укук коргоо мекемелеринин аймактык кеңешмелеринин ишине катышты

25/06/2019 - 15:42

Токон Мамытов жана КР Акыйкатчы институтунун бир катар кызматкерлери Ташкент шаарында (Өзбекстан республикасы) Форумдар Дворецинде өтүп жаткан III-Борбордук Азия өлкөлөрүнүн улуттук укук коргоо мекемелеринин (УУКМ) аймактык кеңешмелеринин ишине катышышты.

Аталган сессия адам укуктарына, ошондой эле 2018-жылдын январынан 2019-жылдын июнь айына чейинки мезгилдеги ар бир өлкөдөгү (Борбордук Азияда) УУКМ ролдору жана иштерине байланыштуу кырдаалдарды кароого арналган. Жолугушуунун катышуучуларына алгач Өзбекстандын Олий Мажлисинин (Омбудсмен) Адам укуктары боюнча ыйгарым өкүлү У. Мухаммадиев, ошондой эле БУУнун Борбордук Азиядагы АУЖКБ Аймактык өкүлү Р. Коменда жана Өзбекстан Республикасындагы БУУӨП туруктуу өкүлү М. Димовскалар сөз сүйлөштү.

Отурумдун жүрүшүндө белгиленгендей, бул кеңешмелер Борбордук Азиядагы УУКМ ортосунда тажрыйба жана билим алмашуу үчүн платформа катары болот жана БУУӨП, БУУ АУЖКБ жана УУКМ Глобалдуу альянсынын (УУКМГА) ортосундагы үч тараптуу кызматташуунун колдоосу менен алардын аймактык кызматташуусу боюнча «жол картаны» кабыл алууга жол ачат. БА Омбудсмендери УУКМ диалогунун натыйжасында жөнгө салуу жана улуттук сыяктуу эле, аймактык деңгээлде дагы адам укуктары чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүнү бирге иштеп чыгуу жакшыраарына үмүт артышарын белгилешти.

Борбордук Азия республикаларынын Омбудсмендеринин кийинки жолугушуусу 2020-жылдын сентябрь айында Кыргызстанда өтөт.