Токон Мамытов Германиянын федералдык тышкы иштер министринин Чыгыш Европа боюнча Кавказ жана Борбордук Азиядагы директору Михаел Зибертти кабыл алды

13/03/2019 - 12:23

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Германиянын федералдык тышкы иштер министринин Чыгыш Европа боюнча Кавказ жана Борбордук Азиядагы директору  Михаел Зиберт жана ФРГнын Кыргызстандагы Элчисинин орун басары Ирья Берг менен жолугушту. 

Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институтунун ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары тууралуу сөз болду. Айрыкча, Кыргызстандын калкынын аяр катмарын түзгөн: балдардын, аялдардын,динге ишенгендердин, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын конституциялык укук жана эркиндиктеринин сакталышы тууралуу маселе талкууга алынды.

Мындан тышкары, Акыйкатчы аппараты менен ФРГнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ортосундагы кызматташтык тууралуу пикир алмашуу болду..