Токон Мамытов ЕККУнун улуттар азчылыгы боюнча иш алып барган жогорку комиссариатынын өкүлдөрүн кабыл алды

01/10/2019 - 10:54

Токон Мамытов ЕККУнун улуттар азчылыгы боюнча иш алып барган жогорку комиссариаттын  өкүлдөрүн кабыл алды. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы менен жолугушууда аталган комисариаттын жетекчиси Кристоф Камп, юридика маселелери боюнча кеңешчи Элжбета Кузборска-Паха жана улуу кеңешчи Андрей Ханжин болду.

Тараптар Кыргызстандагы укук коргоо жаатындагы артыкчылыктуу багыттарды  жана бүгүнкү күндө болуп жаткан көйгөйлөр, аны аны чечүүнүн жолдорун талкуулашты. Пикир алышып бүткөн соң Токон Мамытов КР Акыйкатчы институту адамдардын жана жарандардын укугун коргоо максатында ошондой эле өлкөбүздө жашап жаткан аз улуттун конституциялык укуктарын коргоо маселесинде  ЕККУ Бишкектеги кеңсеси менен мындан ары биргелешип конструктивдүү иш алып барганга даяр экендигин билдирди.