Токон Мамытов ЕККУнун Бишкектеги программалык офисинин мыйзам үстөмдүгү маселелери боюнча Кеңешчисин Ардак грамота менен сыйлады

23/09/2019 - 12:03

2019-жылдын 23-сентябрында  Токон Мамытов ЕККУнун Бишкектеги программалык офисинин мыйзам үстөмдүгү маселелери боюнча Кеңешчиси Кахрамон Сангиновду  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ардак грамотасы менен сыйлады.

Бул сыйлык Кахрамон Сангиновго КР Акыйкатчы Институту  менен тыгыз жана үзүрлүү кызматташканы, ошондой эле анын Кыргызстанда адам укуктарын жана эркиндиктерин  коргоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууга жигердүү катышканы үчүн ыйгарылды.