Токон Мамытов Екатеринбург шаарында КР Башкы консулдугунун кызматкерлери жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

20/09/2021 - 17:38

2021-жылдын 18 -сентябрында Екатеринбург шаарында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов  Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери, кыргыз диаспоралык уюмдарынын активисттери, Россиянын Урал Федералдык чөлкөмүндөгү Акыйкатчынын коомдук өкүлдөрү менен жолугушту.

Т.Мамытов Акыйкатчы институтунун укук коргоо ишмердүүлүгү тууралуу айтып, Ошондой эле, жолугушуунун катышуучуларынын кызыккан суроолоруна жооп берди.

2020-2021-жылдары мигранттарыбызга  көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн мекендештерибизге ыраазычылык билдирди жана өзгөчө айырмалангандарга КР Акыйкатчысынын ведомстволук сыйлыктарын тапшырды.

 Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) буйругуна ылайык, мигранттардын укуктарын коргоого кошкон зор салымы үчүн, пандемия учурунда мекендештерге көрсөткөн жардамы үчүн жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту менен тыгыз кызматташтыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ардак грамоталары менен менен Ж.Абдырахманов, З.Бакирова, М.Полотбеков жана Р.Юнусов сыйланды.

Ал эми Акыйкатчынын ыраазычылык каты менен А.Алымкулов, У.Курбанбаев, К.Айдаров, Э.Самиев, К.Рахманбердиев жана Т.Мусурманкулов сыйланышты.

Эске салсак, Акыйкатчы Т.Мамытов  17-сентябрдан 19-сентябрга чейин россиялык тараптын чакыруусу менен Свердлов облусуна иш сапарына барып, Россиянын Мамлекеттик Думасына, регионалдык Мыйзам чыгаруу жыйынына, муниципалитеттердин өкүлчүлүктүү органдарына депутаттарды шайлоо боюнча эксперт жана эл аралык байкоочу катары барган.