Токон Мамытов БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүн кабыл алды
Бүгүн, 2019-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨПтүн) Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган туруктуу өкүлү Луиз Чемберленди кабыл алды.
БУУӨПтүн Кыргызстандагы жаңы жетекчисин куттуктап жатып, Акыйкатчы Токон Мамытов анын бай тажрыйбасын баса белгилеп өттү. “Сиз буга чейин жер жүзүнүн ар кайсы жана абал туруктуу эмес аймактарда да иштеп, татаал маселелерди ийгиликтүү чечип жүргөн Сиздин тажрыйба жана билим биздин өлкөдөгү милдеттериңизди үзүрлүү аткарганга жардам берет”-деп белгиледи Акыйкатчы.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар БУУӨП менен Акыйкатчы институтунун ортосундагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле адам укуктары боюнча мекеменин ишмердигинин негизги багыттарын талкуулашты. Токон Мамытов белгилегендей, учурда Акыйкатчы институту ишмердүүлүгүндө жарандар тарабынан даттануулар жана кайрылуулар көп түшкөн үч негизги багытка басым коюлуп жатат. Атап айтканда, алар булар: 1) балдар укуктарын коргоо; 2) ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун коргоо; 3) аялдардын укугун коргоо, алардын ичине республиканын абак жайларында жаткандар, ал жайларда үч жашка чейинки кичинекей балдары менен жаткандар дагы кирет; Кыргызстандагы эмгек мигранттарынын укуктары; жарандардын жеке менчик укуктары; 6) эркиндигинен ажырап абак жайларында жатып кыйноолорго кабылган жарандардын укуктары; 7) Кыргызстандагы этникалык топтордун өз улутунун тилин, үрп-адатын, салтын, маданиятын сактап калуу укуктарын коргоо; 8) дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу; кыргызстандыктардын курчап турган жагымдуу чөйрөгө жана таза экологияга карата укуктарын коргоо.
Өз кезегинде, Луиз Чемберлен КР жарандарынын конституциялык укуктары жана эркиндигине байланыштуу маселелерин чечүүдө КР Акыйкатчы институту менен астейдил иштешүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Эскерте кетсек: БУУӨПн түзүмүндө өзгөрүүлөр болуп, жыйынтыгында уюмдун өзүнчө өкүлчүлүгү пайда болгон. Луиз Чемберлен өзүнүн милдеттерине 2019-жылдын 8-майында киришкен. Швециянын (SSE) Стокгольм экономикалык мектебинде “бизнес жана экономика”илими боюнча магистр даражасы бар. 2000-2003 ж.ж. Бүткүл дүйнөлүк банктын мониторинг жана баалоо боюнча адиси болуп иштеген,1999-2000ж.ж. Палестинада мониторинг жана баалоо боюнча долбоорунун ассистенти болуп иштеген. 2010-2008ж.ж. БУУӨПтүн Шри-Ланкадагы туруктуу өкүлүнүн кеңешчиси, 2003-2005ж.ж.Сомалинин туруктуу өкүлүнүн кеңешчиси болгон. 2008-жылдан 2019-жылдын 8-майына чейин БУУӨПтүн Эфиопиядагы туруктуу өкүлү болуп турган.