Токон Мамытов БУУнун Контртеррористтик башкармалыгынын регионалдык координатору менен жолугушту

17/02/2021 - 10:42

Бүгүн, 2021-жылдын 17-февралында КР Омбудсменинин борбордук аппаратында Акыйкатчы Токон Мамытов  БУУнун контртеррористтик башкармалыгынын  Борбордук Азиядагы регионалдык координатору и Мурад Тангиев менен жолугушту.

БУУнун Контртеррористтик Башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институтунун ушул багыттагы иши тууралуу кыскача маалымат алмашышты, мындан ары адам укуктарын коргоо чөйрөсүндө өз ара кызматташуунун багыттарын аныктоо жана БУУнун Глобалдуу контртеррористтик стратегиясын Борбордук Азияда ишке ашыруу боюнча алдын ала кадамдар белгиленди.  

Маалымат иретинде: БУУнун контртеррористтик башкармалыгынын  Борбордук Азиядагы регионалдык координатору кызмат орду Кыргыз Республикасынын демилгеси менен түзүлгөн. Ал  БУУнун Глобалдуу контртеррористтик стратегиясын Борбордук Азияда ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттердин планын ишке ашыруу, анын ичинде Сирия жана Ирактагы жарандарды кайтарып алып келүү, аларды реабилитациялоо жана ресоциалдаштыруу иштерин жүргүзүүдө Кыргызстанга көмөктөшүүгө багытталган. Регионалдык координатордун офиси Бишкекте жайгашкан.