Токон Мамытов БУУнун Баңги каражаттары жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын (UNODC) өкүлдөрүн кабыл алды

22/11/2019 - 21:38

Бүгүн, 2019-жылдын 22-ноябрында КР Акыйкатчысы Токон Мамытов КР Акыйкатчысынын башкы кеңсесинде  БУУнун Баңги каражаттары жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын (UNODC) өкүлдөрүн – UNODC Венадагы Эл аралык борборунун абак реформасы боюнча сот адилеттиги бөлүмүнүн координатору, аймактар аралык кеңешчи Филиппа Майсснерди  жана   UNODC Программасынын Борбордук Азиядагы  кылмыш-жаза сот адилеттиги боюнча пенитенциардык маселелер боюнча эксперти Батыр Сапарбаевди кабыл алды.  

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн  экстремизм жана терроризм үчүн соттолгон адамдардын маселелерин талкуулоо боюнча өз ара кызматташтыгы, ошондой эле Борбордук Азия регионундагы өлкөлөрдө коопсуздукту камсыздоо маселелери, укук коргоо институттарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын  адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү ишмердиги тууралуу  маселелер талкууланды.