Токон Мамытов Борбордук Азия Омбудсмендеринин онлайн конференциясына катышты

22/04/2019 - 10:41

КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Борбордук Азия Омбудсмендеринин онлайн конференциясына катышты. Иш чара Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Кыргыз Республикасындагы офиси тарабынан уюштурулуп, Борбордук Азиядагы Улуттук укук коргоо мекемелерин (CASI-NHRI) колдоо боюнча жол картасын талкуулоо максатында уюштурулган. 

Атап айтканда, диалог БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү Ришард Коменда мырза, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов, Казакстан Республикасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аскар Шакиров, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажилисинин Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Улугбек Мухаммадиев жана Тажикстан Республикасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Умед Бобозодалардын ортосунда диалог болду.  

Талкуунун жүрүшүндө Борбордук Азиянын УУКМ колдоого субрегионалдык мамиле, ошондой эле бүтүндөй алганда, аймактагы адам укуктары чөйрөсүндөгү абал,  БУУнун Адам укуктары боюнча механизми менен кызматташтык, анын ичинде келишимдик органдар менен Универсалдык мезгилдик обзордун алкактарында кызматташуу маселелери тууралуу сөз болду.