Токон Мамытов: «Башка адамдын укугун сактоо жана урматтоо менен гана адамгерчиликтүү адам боло аласың”

18/11/2019 - 15:38

КР Акыйкатчы институтунун борбордук аппаратында Бишкек шаарынын  орто мектептердин окуучуларынын  арасында болуп өткөн «Мен жана менин укугум» деген темадагы сүрөт сынагы боюнча  байгелүү орундарды алган окуучуларга сыйлыктар тапшырылды.  Аталган сынак  БУУ нун “Балдар укугу” боюнча  Конвенциясынын кабыл алынганынын 30 жылдыгына  карата Акыйкатчы аппаратынын  Балдардын, аялдардын жана үй-бүлө укуктарын коргоо бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынын  мэриясы менен биргеликте уюштурулган эле.

Токон Мамытов жеңүүчүлөрдү куттуктап жатып, алардын адам укугун коргоого жигердүү катышканга кызыкдар болуп, адам укугу боюнча көптү билгенге ынтызар экендиктерине жана алардын талантына баа берди. “Силерге өз укугуңарды билүү жана аны мамлекеттик органдар тарабынан корголушун талап кылуу эле жетиштүү эмес, силер башка адамдын – классташтын, мугалимдин, кошунанын жада калса чоочун адамдын укугун урматтоо менен гана адамгерчиликтүү адам боло аласыңар ”-деп белгиледи Акыйкатчы.

Андан соң окуучуларга сыйлыктар тапшырылды. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Ардак грамотасы жана “Раритет” китеп дүкөнүнүн 1000 (миң) сомдук сертификаты менен төмөнкү эмгектер бааланды: 1-орун – Г. Кадыркулова, №83 орто окуу жайынын окуучусу; 2- орун – Е. Шипулина, №27 орто окуу жайынын 9-классынын; 3-орун – А. Акматбекова №81 орто окуу жайынын 8-классынын окуучусу.

Мындан тышкары, №27 ООЖ 8 классынын окуучусу Д. Воззоховго, №81 ООЖ 8-классынын окуучусу К. Шаршенбиевге,  №81 ООЖ 8-классынын окуучусу Н. Бекмуратовага, №81 ООЖ 8 классынын окуучусу ; М Батырбек уулуна, №81 ООЖ 8 классынын окуучусу Б. Исламовго, №81 ООЖ 8-классынын окуучусу  Г. Анарбаевага, №81 ООЖ 8-классынын окуучусу Г Каныбек кызына сынакка жигердүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Ардак грамотасы жана “Раритет” китеп дүкөнүнүн 500 сомдук сертификаты тапшырылды