Токон Мамытов Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушту

11/10/2021 - 10:36

Бүгүн, 2021-жылдын 11-октябрында, «Укук Кербени» долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов жана Борбордук аппараттын кызматкерлеринин тобу, анын ичинде Акыйкатчынын Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги Ысык- Көл облусунун Балыкчы шаарынын эли менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага шаар мэри А.Сыдыков, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышты.

Жолугушууну ачып жатып, Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы тарабынан демилгеленген "Укук Кербени" долбоорунун максаттары менен милдеттерин түшүндүрдү, иш чара 10-декабрь -Эл аралык адам укуктары күнүнө арналган. “Укук кербени” Европа Биримдигинин "Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгү, 2 -баскыч" программасынын  колдоосу менен  ишке ашууда.  Иш-чара 4-октябрда башталып, учурда республиканын төрт  облусунда ишке ашырылууда. Акыйкатчы мындан тышкары, Омбудсмен институтунун адам жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы иштери тууралуу кеңири айтып берди.

Өз кезегинде, Балыкчы шаарынын жашоочулары Акыйкатчыдан бир катар көйгөйлүү маселелерди чечүүдө көмөк сурашты, мисалы: калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, жолдорду оңдоо, жер талаштарын жана маселелерди адилеттүү кароо, дарылоого байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү, Ысык-Көл облусундагы объектилер, Балыкчы шаарынын Тоң жана Ысык-Көл райондору менен чек араларын аныктоо, ошондой эле республиканын өкмөтүнө ипотекалык кредиттөөнүн жогорку пайыздык ченемдерине байланыштуу маселелерди кароо.

Жолугушуу учурунда Акыйкатчыга жөнөтүлгөн бардык жазуу жүзүндөгү арыздар жана кайрылуулар боюнча  тийиштүү иштер жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы  арыздануучуларга өз убагында кабарланат.