Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнө инспектирлөө жүргүзүлдү

17/08/2019 - 12:08

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) укук коргоо органдары тарабынан эркиндиги чектелген жайлардагы жарандардын укуктарын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы А.Колопов, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К.Токтобаева жана ЕККУнун медицина боюнча байкоочусу И.Анарбаевдер 2019-жылдын 10-августунда Тогуз-Торо райондук ИИБнүн УКЖна инспектирлөө иштерин жүргүздү.

Инспектирлөө мезгилинде төмөндөгүдөй жагдайлар аныкталды:

Аталган райондун ИИБнө 2019-жылдын 7 айында жалпы 120 материал катталып, анын ичинен КЖБРге 93 материал катталган, кылмыш иштери 51, жоруктар 42, бузуулар боюнча 2 материал, айып салынганы 2, аймактык тиешелүүлүгү боюнча 1 материал жиберилген, 6 материал бириктирилген, 24 материал жокко чыгарылып, номенклатуралык көктөмөгө тиркелген. Изи сууй электе ачылганы 1.

Текшерүү учурунда ИИБнүн убактылуу кармоочу жайында убактылуу кармалган адамдар жок. УКЖда жалпысы 3 камера 12 адамга ылайыкташкан, электр жарыгы жана видеокөзөмөл менен жабдылган. Камералардын ички санитардык–гигиеналык абалы орто, төшөнчү, матрацтар эскилиги жетип жаӊылоого зарыл, бардык камералардын полуна жыгач такта төшөлгөн. Кармалгандарга тамак-аш үчүн күнүнө 120 сом каралып, эки маал ысык тамак берилет. Каттоо журналдары бар, ирети менен толтурулган.

РИИБде соттук медициналык эксперт жок, оор кырдаал жаралганда кыйынчылыктарды жаратат.